АЛБЕК ИБРАИМОВ 15 ЖЫЛГА КАМАЛЫП, КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ СОТ ЗАЛЫНАН БОШОТУЛДУ

№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл

23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланмай болду. Ал эми Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.

Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри кезинде Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти куруудагы коррупциялык иш-аракеттери үчүн деп айыпталып, 2018-жылдын июнь айынан бери камакта жаткан. Тергөө версиясы боюнча бул кылмыштан улам мамлекетке 94 миллион 864 миң 180 сом зыян келген. Бул ишке катыштыгы бар делген "Айкөл-Курулуш" компаниясынын жетекчиси Сайиткан Алиев, "Альта Групп" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубат Шаршекеев, Мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку жетекчиси Сталбек Өмүрканов да айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулушту.

Ал эми Албек Ибраимов Бишкектин мэри кезинде 41 жер тилкесин мыйзамсыз жана мамлекетке пайда алып келбеген шартта ижарага берүүгө, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда мыйзамсыз сый акы алган делип айыпталган. Мурунку эки мэрдин кылмыш ишине байланыштуу жалпы 14 адамга айып коюлган. Албек Ибраимовдон башка айыпталуучулар камактан бошотулушту. Ибраимов менен Кулматов өздөрүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалап келишет.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg


Экс-мэрлер соту: Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулду

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо