ӨМҮРБЕК БАБАНОВ ПАРТИЯ ЛИДЕРЛИГИН МИРЛАН ЖЭЭНЧОРОЕВГЕ ӨТКӨРҮП БЕРДИ

№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл

2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, элден жарым миллиондон ашык добуш алган мурдагы премьер-министр, партия лидери Өмүрбек Бабанов саясий карьерасын жыйынтыктаганын жарыялап, өзү түптөгөн “Республика” партиясынын лидерлигин өткөрүп берди.

Бул тууралуу 20-декабрда “Республика” партиясынын кезексиз съездинде белгилүү болуп, лидерликке Бабановдун ордуна учурда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев дайындалды.

Бабанов өз сөзүндө “Партиябыздын жаңылануусу – убакыттын талабы. Жаңы, жаш лидердин убактысы келди деп эсептейм. Мындай лидер катары мен Мирлан Жээнчороевди көрөм. Мен саясий долбоорумду жыйынтыктадым. Бирок экономика, инновация, билим берүү тармактарында жардам берем”,- деди.

Бабанов буга чейин да президенттик шайлоодон кийин саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган эле. Бул ирет Өмүрбек Бабанов ал чечимин бекемдеп жатканын билдирди. Анын чукул партиялык жыйын өткөрүп, лидерликти өткөрүп берип, “саясаттан кеттим” деп дагы бир ирет жарыялашын өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштыргандар болууда. Тактап айтканда, акыркы күндөрү бийликке оппонент катары чыгып жаткан “Үмүт-2020” кыймылынын лидери Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин УКМК тарабынан кармалышына байланыштыргандар чыкты. Сыргак Кенжебаев ири суммадагы алдамчылыкка шектелип, УКМК тарабынан 19-декабрда кармалган. Бабановдун шашылыш жыйыны 20-декабрда өттү. Интернеттеги социалдык тармактарда Сыргак Кенжебаев менен Өмүрбек Бабановдун жалпы бизнес кызыкчылыктары болгон, “Үмүт-2020” кыймылынын көмүскө буюртмачысы Бабанов болушу мүмкүн деген жоромолдор жазылууда.


Перизат Музуратбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо