ҮШҮБӨГҮДӨЙ КИЙИНЕБИЗ

№896 2-8-январь, 2020-жыл

Кыш мезгилинде үйдөн бир жакка чыгарда оронуп, чулганып чыгабыз. Бул туура, абанын муздак болушу жана нымдуулук организмге өз таасирин тийгизбей койбойт. Алдыда үшүбөштүн бир нече жөнөкөй эрежелери.

Канча кабат болсо, ошончо жакшы. Кийимдин ар бир кабаты кошумча аба катмарын түзөт да, жылуулукту кармап турат. Бир эле калың свитерден көрө, жеңи узун футболка жана жүн кардиганды каттап кийсеңиз жылуураак болот. Негизгиси, биринчи кийгениңиз денеге чапташып турсун.

Эң калың жынсы кийсеңиз да сизди жылытпайт. Анткени ал суук тартат. Болбой эле жынсы кийгиңиз келип жатса, анда ичинен калың кийим (термобельё) кийиңиз.

Пахта (хлопок) – кыш үчүн ылайыксыз. Ал нымдуулукту жакшы сиңирет, а суукта мындай өзгөчөлүк пайда алып келбейт. Ич кийим үчүн ылайыктуу кездемелер – меринос (уяң) жүн, табигый жибек жана синтетика.

Эгер узакка суукта жүрсөңүз, сөйкө, шакектерди чечип салыңыз. Сөйкө, шакек, билерик жана башка темирден жасалган кооздуктар бат муздап, терини да муздатат. Шакек муну менен катар кан айланууга тоскоолдук жаратат. Ушул себептен эле алкагы темирден болгон көз айнекти да алмаштыруу керек.

Салаасыз (варежки) мээлей жакшыраак. Ооба, салаасыз кол каптан көрө салаасы бары ыңгайлуу. Бирок салаалары бириккен мээлейден манжалар бири-бирине тийип кол жылуу жүрөт.

Шамал жана суу өтпөгөн синтетикалык кездемени тандаңыз. Узак убакытка сейилдесеңиз, шамал жана суу өтпөгөн синтетикалык кездемеден кол кап кийгениңиз оң. Карга ойногуңуз келсе токулган кол кап бат эле суу болуп калат да, колуңузду үшүтөт.

Бутуңузду кыскан бут кийим кийбеңиз. Бут кийимиңиз сөзсүз бутуңуздун өлчөмүнө туура келиши керек же бир аз чоңураак болсун. Кышкы бут кийимди тандоодо ичинен жүн байпак кийсе бата турганына караңыз.

Гулийпа Маметосмон кызы
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
08.01.2020. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарынан да азыркы жаштардын кун суукта бутунун томугу корунуп жургону кейитет. Шымы кыска, ага кошулуп байпагы кыскс, ботинкасы да ылдый. Кайран томуктар, муундар. Азыр билинбейт, кийин какшайт го? Модан менен куруп кал, кочодон ачык томуктарды коп кором, мен элеби же башкалар да коробу?
08.01.2020. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maguska555,мен да кором
08.01.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maguska555,Жаш, ден соолук бар кезде аны сакташпайт, эртең ооруганда кеч болот, муну аларга түшүндүрүп көрчү
09.01.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Университетте студенттер ошентип кийинип келишет эле.Сабак отуп атып аларды коруп менин бутум какшап калчу.Оой эжеке биз ысып атабыз дешкенине не дейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо