№898 16-22-январь, 2020-ж.
Бишкекте 9-январда "Factcheck" сайтынын башкы редактору Болот Темировду белгисиз адамдар сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан. Ушул эле күнү Темиров Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ал спорттук дене түзүлүштөгү 3 адам ур-токмокко алып, телефонун алып кетишкенин билдирген. Бул ишти ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алганы айтылды. Окуя кадимки карактообу же журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркутуубу деген суроонун тегерегинде кызуу талкуу жүрүүдө. Болот Темиров өзү бул иштин аягына чыгат деп ИИМге ишеним артпай турганын билдирип, окуяны өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.
14-январь күнү ИИМ аталган окуя боюнча кылмышка шектелип 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жарыялады. Алар Жалал-Абад облусунун 1992, 1993, 1994-жылы туулган тургундары. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо” беренеси менен катталып, териштирүү иштери улантылып жатат.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |