КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: 14 АДАМДЫН ИШИН ТЕРГӨӨ АЯГЫНА ЧЫКТЫ

№898 16-22-январь, 2020-ж.

2019-жылдын 7-8-августунда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында орун алган окуя боюнча кылмышка шектүү 14 жарандын иши тергелип бүттү. Бул тууралуу 14-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик “Кой-Таш окуясында бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге тергөө аяктаганы эскертилди” деп билдирди. Аларды кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу башталганы, калган шектүүлөр боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки теришти­рүү уланып жатканы айтылды.

Кой-Таш окуясында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов оор жаракат алып, эс-учун жоготкон. Ал бир нече күндөн кийин өзүнө келип, ден соолугу калыбына келе баштады. Акыркы маалыматтарда өз алдынча баса баштаганы айтылды.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн күч түзүмдөрү атайын операциянын алкагында кармап кеткен. Окуяда Атамбаевдин тарапташтары менен ИИМ, УКМК кызматкерлеринин ортосунда тиреш жүрүп, 1 аскер кызматкери каза таап, бир топ адам жаракат алган.

Аталган окуя боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, саясатчы Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана башкалар кылмышка шектелүүдө. Айыпталуучулар бул аракетти “саясий куугунтук” деп атап жатышат. Шектелип жаткандардын үй-мүлктөрү камакка алынган.



Перизат Музуратбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо