АТ-БАШЫГА КУРУЛУУЧУ ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КҮМӨН ЖАРАТУУДА

№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.

Өкмөттүн Ат-Башы аймагына логистикалык борбор куруу аракети коомчулукта күмөн жаратууда. Коомчулукта жер Кытай тарапка өтүп кетет деген сөз тарап, кызуу талкуу жаратты. Аталган борбордун курулушу боюнча Кыргыз тараптын өкүлү Эмил Абдыкадыровдун айтымында, жаңы курулган жайга Кытай жараны жана өзү кожоюн катары катталды. Жер 49 жылга ижарага алынды. Келишимге ылайык, эгер эреже бузулса өкмөт инвестор менен кызматташууну токтото алары, чыр-чатактар Кыргыз мыйзамдарына ылайык жөнгө салынары айтылды.

Маалыматка таянсак, логистикалык борборго 200 гектар жер бөлүндү. Ал жерге 10го жакын завод-фабрика курулат, алар – текстиль, телефондун дисплейин, кагаз жана башка чыгаруучу ишканалар, жашылча-жемиш сакталуучу кампалар. Буга жалпы 1 миллиард долларга жакын акча керек. Кытайлык инвестор учурда 280 миллион доллар бөлүүгө даяр. Өкмөт аталган борбор курулса 15 миңге чейин иш оруну түзүлөт деп жатат.

Келишим ачык жарыяланган жок. Коомчулукта “жер 49 жылга эмес, мөөнөтсүз берилүүдө. Кытай жараны ал жерди менчиктештирип алышы мүмкүн” деген сөздөр айтылып жатат. "Ат-Башынын ортосунан ири аянттагы жерди башка өлкөнүн жаранына берүү коопсуздукка шек жаратат" деген сындар да көп. Вице-премьер Замирбек Аскаров Ат-Башыда эл менен жолугушуу учурунда “Кытайга 1 метр да жер өтпөйт” деп билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


Логистикалык борбор боюнча ат-башылыктардын ою кандай?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо