МЕТАЛЛДАРДЫН ДАРЫЛЫК КҮЧҮ

№409 3-9-сентябрь, 2010-ж.

Билип ал

Көптөгөн адамдар кымбат баалуу металлдардан жасалган асем буюмдарды тагынып жүрүшөт. Бирок алар ошол металлдардын дарылык күчүн биле беришпейт.

Күмүш
Күмүш – металл-дарыгерлердин ичиндеги лидер. Күмүш бактерияларды өлтүрүп, урологиялык оорулардан айыгууга көмөктөшөт. Өттүн иштөөсүн жакшыртып, көк боор менен боордун иштөөсүн калыптандырат. Адамга күч жана эрк берип, жүрөктү бекемдейт, көрүүнү жакшыртат. Өзгөчө күмүш дем алуу жолдорунун жана ичеги ооруларында пайдалуу.

Алтын
Бул металл – депрессияга каршы мыкты дары. Эс-тутумду жакшыртып, өпкөнүн, көк боордун, булчуңдардын иштөөсүн жакшыртат. Алтындын дарылык күчү көп болушу үчүн аны моюнга, кулакка тагынуу кажет.

Темир
Темирден жасалган тумарлар бат чарчагандар жана анемиядан азап тарткандар үчүн сунушталат. Темир эритроциттердин (кандын курамындагы зат) көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт.
Гемоглобинди көтөрүп, сөөктү жана нервди бекемдеп, организмди жашартат.

Коргошун
Коргошун тери жана рак ооруларынан кутулууга жардам берет.
Жыныстык органдардын­ сезгенүү­сүнөн арылууга көмөктө­шөт.

Калай
Бул жеңил металл жашартуучу күчкө ээ. Астманы, диабетти айыктырууда калайдын упадай майдасы колдонулат.
Металлдардын дарылык күчүн билген соң эми өзүңүздүн организмге пайдасы тийчүсүн тандап алсаңыз болот. Эскертип кетер жагдай, бир нече металл түрүн бир эле мезгилде тагынып алууга болбойт. Бул адамды өзүн жаман сезүүгө, табиттин жоголушуна, шакыйдын кармашына алып келет.


АДАМ БОЮНЧА ФАКТЫЛАР

  • Адам ДНКсы 80 000ге жакын генди алып жүрөт.
  • Адамдын организминдеги лейкоциттер 2-4, ал эми эритроциттер 3-4 ай жашашат.
  • Адамдын жүрөгү 1 жылда орточо эсеп менен 36 800 000 жолу кагат.
  • Көзү көк адамдар башкаларга караганда ооруга абдан сезимтал келишет. Андыктан алар жалакайлар деп аталышат.
  • Сасык тумоону чакыруучу вирустардын түрлөрү 100дөн ашык.
  • Чоң адамдын денесиндеги бардык нервдерди бириктирсе, узундугу 75 чакырымга жетет.
  • Адамдын сөөгүнүн 50 пайызы суудан турат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
05.10.2010. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алтын кумуштон айыккан адамды коргон жокмун жардам берерин кантип далилдегенсинер,ага каяктан мед.даарылар кошулабы чындыгында пайдалуу жагы барбы же алтын кумушторду откоруу учун жон гана реклама кылгансыздарбы ушул жонундо толук маалымат бериниздерчи алтын кумуштор
05.10.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алтын кумуштордун составына медк.кандай препораттар кошулуп жазалат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо