ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КЕТЕБИ?

№901 6-12-февраль, 2020-ж.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев 4-февралда өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Депутат өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калды дейт. Тагыраагы, парламент 2018-жылы бекиткен өкмөт мүчөлөрүнүн 80 пайызы алмашып кеткенин айтат. Ошол эле күнү депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт кадр дайындоодо Жогорку Кеңешти көзгө илбей калганын айтып чыкты. Тийиштүү комитетте вице-премьерлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралып жаткан. Абдылдаев талапкерди адегенде Жогорку Кеңештин башкаруучу коалициясы караш керектигин, премьер Мухаммедкалый Абылгазиев коалицияны аттап өтүп талапкерди түз эле комитетке киргизгенин сындады.

“Эгер өкмөт башчы менен коалициянын лидери мыйзамды бузса, баарын экөө эле чече берсе, анда парламент жетекчилиги эмне отурат? Андай болсо Иса Өмүркулов коалиция лидерлигинен кетсин, коалицияны тараталы”,- деди Абдылдаев.

Иса Өмүркулов талапкерди талкуулоо тартиби бузулганын моюнга алды. Өкмөт башчы Абылгазиев “талапкер боюнча фракция лидерлери менен сүйлөшкөнбүз” деп кутулду. Жөндүү сындарга карабай Эркин Асрандиевдин талапкерлиги эртеси, 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында каралып, колдоо тапты.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо