Садыр Жапаровдун иниси: “МЫЙЗАМ ЖАПАРОВГО КЕЛГЕНДЕ ЭЛЕ ИШТЕБЕЙ КАЛАБЫ?”

№901 6-12-февраль, 2020-ж.

Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иниси Давлатбек Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Башка жарандарга карата колдонулуп жаткан мунапыс Садыр Жапаровго колдонулбай жатканын айтат ал.

"Садыр Жапаров мурунку бийликтин тушунда камалып кетти. Башкаларга колдонулуп жаткан мунапысты Садыр Жапаровго да колдонуп, мөөнөтүнөн мурда боштондук бериңиздер деп сотко кайрылсак, 2 инстанцияда тең баш тартып коюшту. Мыйзамдар иштебей, ортодо Садыр Жапаров жабыр тартып жатат. Мунапыс боюнча мыйзам бир эле Жапаровго келгенде иштебей калып жатат",- дейт Давлатбек Жапаров.

Буга чейин Садыр Жапаров үй-бүлөлүк шартын түшүндүрүп, ырайым сурап президентке кайрылган. Ал кайрылууга Ак үйдөн жооп боло элек. Президенттик аппараттын мунапыс маселелери боюнча комиссиясына Жапаровдун каты каралганын же карала электигин сурап, жооп ала албадык. “Бул тууралуу маалымат бере албайбыз” деп, жооп берүүдөн баш тартышты.

2019-жылы декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун ырайым сурап кайрылганынан кабардар экенин, анын кайрылуусу караларын билдирген эле. Убагында Өмүрбек Текебаевге карата Текебаев ырайым сурап кайрылса берейин” деген президенттен Садыр Жапаровдун ырайым сураган кайрылуусуна реакция болбой жатканы көптөгөн суроолорду жаратууда. Коомчулук адилетсиз соттолду деп эсептеген саясатчы адилеттик издөө менен алек.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg


“Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатат” дейт иниси

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо