БИР БҮРКҮМ: КУРСАН АСАНОВДУН ИШИ СОТКО ЖӨНӨТҮЛДҮ...

№901 6-12-февраль, 2020-ж.

  • Аламүдүн районундагы Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара менен кармалды.
  • 2019-жылдын июлунан тартып бериле баштаган убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралда бүтөт, аларды алмаштыруу керектиги эскертилди.
  • Саламаттык сактоо министрлиги: Өлкөдө 5-февралга карата коронавирус жуктургандар жок.
  • Муфтият: Бозо ичүүгө муфтият тыюу салган эмес, бирок аны ичүүгө шарият уруксат бербейт.
  • Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган Фарид Ниязовду, Равшан Жээнбековду жана Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди камакта кармоо мөөнөтү 9-апрелге чейин узартылды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына вице-премьер Замирбек Аскаровдун талапкерлиги сунушталды.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда пара менен кармалган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Болот Момбековду үй камагына чыгарды.
  • Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Грециядагы жана Черногориядагы да элчиси болуп дайындалды.
  • Парламент комитетинде Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы аба катнашын ачууга, учуу алкагын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
  • Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаева 9-апрелге чейин үй камагында калтырылды.
  • Өлкөдө 2019-жылы 103 миллиард 9 миллион сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлгөн.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо