Айжан Аденова, актриса: «КЫЗДЫН СУЛУУ ЖҮЗҮНӨН БИРИНЧИ АКЫЛЫ, АМБИЦИЯСЫ БОЛУШУ КЕРЕК»

№902 13-19-февраль, 2020-ж.

Кыргыз тилинде сүйлөй албаганына кыжалат болгон адамдарды чанда кезиктирем. Маектешим Айжан Аденова дал ошолордун катарын толуктайт. Бул кызды сиз алгач КВНдерде, анан «Жарайт Сити» теледолбоорунан көргөнсүз. Азыр ал "Кошунаны тандабайт" сериалына тартылууда. Амбициясы менен акылына сулуулугу айкалышкан актриса менен кызыктуу маек болду.

– Айжан, негизи чыгармачылык жолго кантип түшүп калдың?

– Жакшы, рахмат. Баары КВНден башталды. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Мектеп учурунда, университетте да КВНге катышуу кызык болчу. Окууга канчалык көңүл бурдум билбейм, бирок КВНдин атмосферасы өзүнө тартып турчу. Элдин алдына чыгуу, камеранын алдында иштөө мен үчүн башка дүйнө болчу. Ошондуктан кесибим менен иштебей, чыгармачылык менен алектенип кеттим окшойт. 18 жашымдан тарта моделдик агенттиктердин биринде эки жыл иштеп калдым. Ошол жерден биринчи жолу тасмага тартылууга сунуш түштү. Жаш журналист кыздын ролун ойногом. Кийин досторум «Жарайт Ситинин» сценарийин жазып башташты. Сценарий боюнча бир кыз керек эле. «Ким ойнойт?» деп жатышып «апей, мына Айжан деле турбайбы, ошол ойнойт» деп чечип салышты. Менин да каалоом бар эле, макул болдум. Элге ошол долбоордон таанылдым десем болот. 3-сезонуна чейин эле тартылдым. Анткени турмушка чыгып, кош бойлуу болдум. "Балдар, боюмда бар. Тартуучу топто бирөө чүчкүрөт же ысык-суукта иштөөгө туура келет. Мага азыр ооруганга такыр болбойт, долбоордон кетейин» деп абалымды түз эле айттым. Балам төрөлүп 1 жашка чыкканда ошол эле досторум кайра келишти. «Кыргыз тилинде биринчи жолу сериал тартып жатабыз. Сен аябай кыргызча сүйлөгүң келип жүрбөдү беле. Тартыл» деп сценарийди беришти. Балам 1 жашта, эмизип жүргөм. Кайын энем менен күйөөмдөн сурасам уруксат беришти. Ошентип сериалга тартылып калдым.

– Байкашымча, актрисалык сени тандаган окшойт. Сунуштар түшүп долбоорлорго катышып калат экенсиң...

– Ошондой десем да болот. Актрисалык хоббим, кичинекей дүйнөм. Камеранын алдында өзүмдү аябай бактылуу сезем. Ролдорго аябай даярданам. Эмоциямды тасма талаасында чыгарам.

– Ролдоруңда анча-мынчаны байкабаган, каш-кирпиктен башка маселеси жок аялзатынын ролун ойнойсуң. Жашоодо кандайсың?

– Коомдо анча-мынчаны байкабаган аялдар бар. Алар атайылап байкашпайт. Анткени үй-бүлөнү бузуп алгандан көрө, көп нерсени байкабагандай түр көрсөтүп жатып сактап калышат. Жашоодо андай эмесмин. Жолдошумдан кенедей өзгөрүүнү да байкайм. Кээде чалып «маанайың жокпу?» деп сурасам чын эле жумушунда бир нерсе болгон болот. Эмоциялык байланышыбыз аябай күчтүү.

Биринчи жолу тасмага тартыларда ошол кездеги жигитим «тартылбайсың» деген талап коюп, ошондон улам урушуп кеткенбиз. Экинчи жолу сунуш түшкөндө жолдошума айтсам дароо макул болду. Анткени өзү дагы мурун КВНде ойногон экен. Ал жердеги эмоцияларды жакшы түшүнөт. Бул аябай сонун нерсе.

– Жолдошуң экөөңдө жаш айырмачылык бар экен. Дүйнө таанымыңар эки башка болуп калбайбы?

– Күйөөм менден 12 жаш улуу. Таанышканда мени алдап жашын ылдый айтып коюптур. Өзү да аябай жаш көрүнөт. Реалдуу жашын билгендер таң калып калышат. Биринчи жолу бул маселеде атам экөөбүз бир аз тартыштык. «Мени чет өлкөгө эс алып келүүгө чакырып жатат. 1 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Барып келейинби?» деп атамдан сурандым. Атам «өзүм таанышып, сүйлөшмөйүнчө эч кайда барбайсың» деп койду. Экөө сүйлөштү. Апам экөөбүз тынчсызданып күтүп жатканбыз. Атама жагыптыр, мени саякатка коё берди. Кыздарга айтарым, эгер мамилеңер олуттуу болуп баштаса болочок күйөөңөр менен саякатка бир жолу болсо да чыгыш керек экен. Ошол жерден «таракандары» чыгат. «Таракандар» тил табышып алгандан кийин баары өз жолунда кетет. Ошентип баш кошуп калганбыз.

– Уулуңардын аты өзгөчө экен. Эминге кандай апа болуп жатасың?

– Баш кошкондон баштап жаш экениме карабай балалуу болууга каалоом күч болчу. Балдарга жакынмын. Күйөөм нейтралдуу карачу. «Өзүбүз үчүн жашап туралы» деген күйөөмдүн каалоосу менен балалуу болбой жүрдүк. Кээде «күйөөм такыр эле балалуу болгусу келбесе эмне болот?» деп коркуп кетчүмүн. Бирок кош бойлуу болгонумда катуу сүйүндү. Мен адекваттуу апамын. Аябай эле үстүнө үйрүлүп түшпөйм, кайдыгер да эмесмин. Балам үчүн колумдан келгенин кылам.

– Актрисалык планда алдыңа койгон кандай максаттарың бар?

– Менде план жок. Бирок план жок десем эле сунуш түшүп калчу эле (күлүп). Кош бойлуу кезимде Казакстандан бир сунуш болду. Чокан Валиханов (ред.: казактын алгачкы окумуштуусу, тарыхчы, этнограф) тууралуу тарыхый фильм тартылмак экен. Күң аялдын ролу экен. Ушунчалык тартылгым келди. Баарына макул болмокмун. Бирок сценарийде күңдү чачынан сүйрөгөн эпизод бар экен. Кош бойлуу болгонум үчүн андай курмандыкка бара албайт болчумун, аргасыз баш тарттым. Драма жанрында роль аткара элек болгондуктан аябай ичим ачышып калган. Эми сунуштар болуп калса колумдан келген аракетимди кылам.

– Кандай үй-бүлөдө тарбия алдың?

– Ата-энем жаш. Анткени мен апам 18 жашында, атам 22 жашында төрөлүптүрмүн. Үч бир тууганмын. Иним менден 9 жаш кичүү, сиңдим 21 жаш кичүү (күлүп). Сиңдимди ээрчитип алсам элдер кызым деп ойлошот. Апам экөөбүз көчөдө бара жатсак эжеси деп ойлошот. Атамдын эмерек чыгарган цехи бар, апам эсепчи. Чыгармачылыкка тиешеси жок адамдар. Чоң атам Опера жана балет театрынын артисти болчу. Мен да кичинемден бий менен алек болдум. Бийден кийин чукул бурулуш жасап спортко кеттим. Кикбоксинг менен машыгып, ийгилик жарата алдым. Бирок 14 жашымда менден улуу бир кыз беттеште тишимди күбүп койду. Апам буга аябай капа болду. «Кызга ылайыктуу нерсе менен алек бол» деп моделдик агенттиктерге алып барып, ошондон ары актрисалыкка кеттим.

– Аялзатында амбиция болуш керекпи?

– Кызда сулуу жүздөн мурун акыл, амбиция, күч жана эрк болуш керек. Сулуу жүздүн ары жагы эч качан бош болбошу зарыл. Эң негизгиси, өз чечими бар, күчтүү аялзаты болуш керек. Ошол эле учурда жолдошуна кам көрө алган, аны терең түшүнгөн, камкордук көрсөтө алган аялдарды баалайм.

– Маегиңе рахмат! Ийгилик жарата бер!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Айжан Аденова, актриса: “Тарыхый тасмага тартылуудан баш тартып, аябай ичим ачышкан”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
17.02.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Катардагы эле окшош актриса экен, кыргызча толук билбесе анда чала кыргыз экен.
17.02.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Татынакай кыз экен.
17.02.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кошунаны тандабайттагы рольун жакшы аткарган молодец
17.02.2020. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кошунаны тандабайт сериалында соонун атканган ролун
17.02.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Koshunany tandabaitda jakshy oinogon
17.02.2020. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
ошондо синдиси 21 жаш кичуу болсо озу где то 27-28 де экен да картайып калыптыр
17.02.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
murat17,сен деле эртен эле картаясын
Карап тур
17.02.2020. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
murat17,иии ооба сени 17 жашка байлап койгон да
17.02.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Акылдуу жан экенсиз бактылуу болунуз.
17.02.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сулуу кыз
17.02.2020. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздардын өзүн карап, жакшынакай, сулуу болуп жүргөндөрү жакшы. Кыздын кадыр-баркы анын сырткы келбетине да көз каранды болот. Азыркы кыргыз жаш кыздарынын баштарына паранджа чүмкөнүп жүргөндөрүн жактырбайм.
sinej түзөттү 2020-02-17 17:25:07
17.02.2020. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол. Иштерине ийгилик. Фото до куйоосубу,же атасыбы ошондо??
17.02.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Супер, Тишин кубуп эмес кууп болот го дейм
17.02.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla,кубуп
17.02.2020. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla,Кубуп болот.
SUPER.KG видео
17.02.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай, мактоого татыктуу чыгармачыл адам экен.
SUPER.KG видео
22.02.2020. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Кыргызча суйлогонун онуго берсин!
27.02.2020. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодо озу эле суйлойбу анда... же голос башканыкыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо