“ИСМАИЛ МАТРАИМОВ” ФОНДУ 310 ОКУУЧУГА СТИПЕНДИЯ БЕРДИ

№902 13-19-февраль, 2020-ж.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы 310 окуучуга Исмаил Матраимов атындагы фонд стипендия берди. Булар ата-энесиз, атасы же энеси жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары экени айтылды. Стипендияны Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов тапшырды.

"Жардамга муктаж окуучуларга стипендия берүү боюнча "Исмаил Матраимов" фондуна "Дүйшөн ата" фонду тарабынан сунуш түшкөн. Биз сунушту карап, алардын демилгесин колдоп берүүгө макул болдук. Өткөн дем алыш күнү Жети-Өгүздөгү мектептерден чогулган 310 окуучуга стипендия тапшырып кайттым. Көңүл бурууга муктаж балдардын көз жашын сүртүп, бооруна кысып, мээрим төгүп, алардын маселесин көтөрүп, биздин фондго сунуш кылгандарга ыраазычылык билдирем”,- деди Искендер Матраимов.

Ал эми аталган фонддун директору жардамга муктаж балдарга каражат издеп далай эшикти какканын айтат. “Азыр эч кимдин эч ким менен иши жок заман, бирок бул киши биздин көйгөйлөрдү укканда кайдыгер карабай, колун сунду. Бул колдоо бизди абдан кубандырды",- дейт фонд директору.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо