№903 20-26-февраль, 2020-ж.
Учурда атактуу болуп жаткан «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасы рейтингдин сап башынан түшпөй турган чагы. Сиз дагы ар аптанын ишемби, жекшембисин күтүп, Ри Жун Хёк менен Юн Се Ринин сүйүү баянын көрдүңүзбү? Келишимдүү Ри Жун Хёктун ролун аткарган актёр Хён Биндин тасма талаасынан сырткаркы жашоосун билгиңиз келеби? Анда бул макаланы дал ушул келбеттүү Хён Бин мырзага арнадык.
Толук аты-жөнү: Ким Тэпён
Псевдоними: Хён Бин
Туулган жылы: 1982-жыл, 25-сентябрь
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары
Үй-бүлөдө: агасы бар
Бою: 184 сантиметр
Жылдыз белгиси: Тараза
Үй-бүлөлүк абалы: Бойдок
ТЕНТЕК ТЭПЁНДУН АТА-ЭНЕСИНЕН ЖАШЫРГАН КЫЗЫГУУСУ
Актёрлукка болгон кызыгуусу 6-классында пайда болгон. Мектептин коридорун чаңытып ойногон, классташтары менен ызы-чуу салганы үчүн мугалимдерден көп тил уккан бала өзүнөн улуу балдар менен достошуп калат. Бактыга жараша, ал балдар келечектеги актёрдун оң жолго түшүүсүнө себепкер болушкан. Мектептеги театр ийриминде чакан спектакль, сценкаларды ойногон балдарды көргөндө эле Тэпёндо ишенимдүү ой пайда болгон – «болду, мен келечекте сөзсүз актёр болом!»
Бирок баласынын актёрлук чеберчиликке үйрөткөн ийримге барып жатканын билген ата-энеси анын кызыгуусуна караманча каршы болушат. Ха! Ким Тэпёнду эч ким токтото алмак эмес. Кичинесинен айтканынан кайтпаган баланын өжөрлүгү жеңип, мектеп менен токтоп калбай, театр жана искусство багытындагы жогорку окуу жайга тапшырган."ЖАН САКЧЫДАН" БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Учурда «Сүйүүнүн авариялык конуусу» дорамасына тартылып, жылдызы жанып турган чагы.
КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРДИ КӨП КЫЛАТ
2018-жылы Хён Бин менен актриса Сон Йе Жин баш каармандардын ролун аткарган "Сүйлөшүүлөр" тасмасы жарыкка чыкты. Сон Йе Жин тасмадагы өнөктөшү тууралуу "Хён Бинди биринчи жолу көргөндө чач жасалгасы, келбети, айтор, баары жарашыктуу болчу. Актрисалар тасмага тартылып жатып сүйүп калчу эркек экен деп ойлоп койгом" десе, актёр "тасмага тартылууга Сон Йе Жин макулдугун бергенин укканда мен да дароо макул дедим. Ал режиссёрдун талабы менен узун чачын кыска кылып кырктырып салды. Билишимче, бул кино бүткөндөн кийин ал башка долбоорго тартылмак. Бирок ал "тасмадагы каарман ушундай болуш керек" деди да, ойлонбой туруп чачын кесип салды. Мындайды профессионалдар гана кылат" деп эскергени бар. Бири-бирине жылуу сөз айтышкан артисттер тасмадан кийин да социалдык тармактардагы баракчаларын бош калтырбай, чогуу түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жарыялап турушту. Керекпи, АКШда дүкөн кыдырып азык-түлүк алып жаткан учуру да папараццинин камерасына илинди. Бири-бирин "жылуу" тиктеген экөө "Сүйүүнүн авариялык конуусу" сериалында сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышты. Артисттердин агенттиктери "экөө жөн гана дос" деп канча айтпасын, интернет айдыңында "Сүйүүнүн авариялык конуусу" аяктагандан кийин Хён Бин менен Сон Йе Жин баш кошушат экен" деген кеп тарап, экөөнөн кубанычтуу кабар күтүп жаткандар четтен чыгат.
ХЁН БИН ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:
Сезим Жумагулова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |