Канат Маматов: “ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫ “КЫРГЫЗ ФУТБОЛ СОЮЗУ” БОЛУП ӨЗГӨРДҮ”

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

2020-жылдын 1-январынан тарта “Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы” коомдук бирикмеси жаңы юридикалык жак – “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өттү. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын” 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференциясында 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган. Эмне үчүн мындай өзгөрүү болгондугу тууралуу Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов айтып берди:

– Өзгөрүүлөр биринчи кезекте юридикалык негизде жүргүзүлдү. Анткени ФИФА жакынкы убакыттан бери өз уставына тиешелүү өзгөрүүлөрдү киргизди. Мындан улам буга чейинки “Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы” коомдук бирикмесинин уюштуруу-укуктук таризи мындан ары ылайыктуу жана эффективдүү болбой калды. Кабыл алынган юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана азыркы учурдагы эң оптималдуу уюштуруу-укуктук тариз болуп саналат. Бул бирикменин алкагында, негизги футбол уюмдарынын коммерциялык эмес уюмдар менен тыгыз иштешүүсүнө, чогуу иштеген ишмердүүлүктү бир багытка салуу жана керектүү кызыкчылыктарды чогуу көрсөтүү менен коргоого мүмкүн болот. Эми “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмеси Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясы (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүгө жооптуу жалгыз спорттук уюм катары толук укуктуу мүчөсү болду.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо