“БАТКЕН КЫРГЫЗДЫН ЖЕРИ БОЛГОН ЭМЕС”. ТАЖИК ГЕНЕРАЛЫНЫН СӨЗҮ БҮЛҮК САЛДЫ

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

Тажик чиновнигинин “тарыхты карап көрсөк, Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген сөзү эл аралык чырды тутантты. Кыргыз тарап Согдий облустук милициясынын башчысы Абдулло Навжувоновдун мындан ары Кыргыз өлкөсүнө кирүүсүнө тыюу салганы жатат. 18-февралда Жогорку Кеңештин комитети аталган чиновниктин билдирүүсүн жабык талкуулап, жыйынтыгында ТИМге ушундай тапшырма берди. Кыргыз саясатчылары, жарандык коом тажик генералынын сөзүн “чагымчылдык”, “эгемендүүлүккө шек келтирүү” жана “сабатсыздык” деп баалап, анын Кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда. 15-февралда Тажикстандын Бишкектеги элчиси ТИМге чакырылып, аталган окуя боюнча тажик тарап расмий билдирүү жасашы керектиги эскертилди.

Жакында тажик ЖМКларында “Тарыхты көтөрсөк, анда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес” деген аталышта макала жарык көрүп, анда генерал Абдулло Навжувоновдун атынан “биздин ата-бабалар кыргыздарды алып келип ушул жерди берген, бүгүн болсо тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат” деген сөздөр айтылат. Буга жооп кылып Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев: “Баткен эч качан тажик тарапка тиешелүү болгон эмес, болбойт дагы. Орган кызматкеринин бул сөзү кечиримсиз”,- деп сындады.

18-февралда тажик бийлиги расмий комментарий берип, Навжувоновдун айткандары Тажикстандын позициясын билдирбей турганын, тажик тарап өз позициясын 2 өлкөнүн чек ара боюнча комиссиясында айтарын билдирди. Ал эми чиновникке кандай жаза берилери тууралуу сөз болгон жок.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg


Тажик генералына Кыргыз тараптын жообу: “Баткен Тажиктики болгон эмес, болбойт дагы“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо