Алмамбет Шыкмаматов: “МАГА САЯСАТТАН КЕТҮҮГӨ ЭРТЕ”

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

2019-жылдын аягында “Ата Мекенден” кеткен саясатчы Алмамбет Шыкмаматов быйылкы парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал мындай пикирин ЖМКларга берген маегинде айтты.

“Саясат “Ата Мекен” менен эле чектелип калбайт да. Пенсияга чыгышыма али көп бар, 50 жашка чыктым. Саясатчы үчүн бул карылык эмес. Өлкөдөгү көптөгөн көйгөйлөр боюнча өз көз карашым, позициям бар. Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн өз түшүнүгүмдү мүмкүн болушунча ишке ашыргым келет”,- дейт Шыкмаматов.

Ал эми шайлоого кимдер менен барары тууралуу буларды айтат:

“Сөз жок, шайлоого катышам. Ким менен барарымды чече элекмин. Өзүмдүн партиялык долбоорумду иш жүзүнө ашырышым да мүмкүн. Мен үчүн партияда эптеп бийликке жетүүгө умтулуу гана эмес, принцип жана баалуулуктардын негизинде түзүлүшү, өлкөнү өзгөртүү боюнча реалдуу иш аракеттер планынын жана так стратегиясынын болушу маанилүү”.

Шыкмаматов азыркы Жогорку Кеңештин курамы үчүн Ак үйдүн көз боёмочулугу эмес, шайлоочулардын добуш сатканы көбүрөөк күнөөлүү деген пикирде. “Тилекке каршы, мындай көрүнүштөн коомчулук дале кескин түрдө баш тарта албай жатат”,- дейт экс-депутат.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо