ЭРТЕҢ МЕНЕН КАНТИП СЕРГЕК ОЙГОНОБУЗ?

№903 20-26-февраль, 2020-ж.

Бардык уйку бир тең, таңкы уйку бир тең. Чарчаган күндүн эртеси канчалык жетиштүү уктасаң деле эртең менен ойгонуп дароо туруп кетүү оор болгон учурлар көп. Таттуу таңкы уйкудан сергек ойгонуу үчүн оңой кадамдарды санап беребиз.

Эрте туруш үчүн эрте жатыш керек! Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, уйку канышы үчүн 7-9 саат уктоо жетиштүү. Эртең менен жумушка канчада туруу керек экенин эсептеп алып өз убагында уктоого камыныңыз.

Уктаар алдында бардык электр приборлорун жана жарыкты өчүрүп жатуу керек. Караңгы бөлмөдө уйкуну келтирүүчү гормондор көп иштелип чыгып, уйкуга тарта баштайт.

Бөлмөнү таза кармап, желдетип, арча түтөтүп же жыпар жыттуу эфир майларын камтыган шам жагыңыз.

Жатарда тоюп албаңыз! Кесепеттерин баарыбыз эле жакшы билебиз: тамак сиңирүү оор болуп уйку бузулат, көңүл айланат, адам уктай албай кыйналат ж.б.

Эртең менен ойгонгондон кийинки алгачкы 5 мүнөт күндүн кандай өтүшүнө зор таасир этет. Мисалы, бул 5 кадам:

1. Көздү ачканда эле кечээкиден калган көйгөйдү же бүтпөй калган ишти ойлонбой, жакындарыңыз, жакшы күндөр жана бүгүн эмне кызыктар күтүп жатканын ойлонуңуз.

2. Керилип-чоюлуңуз. Бул организмди ойготот. Терең дем алып кычкылтек менен организмди азыктандырып баштаңыз.

3. Желке, чыкый, каштын айланасын, кулактын айланасын укалаңыз. Бул башта кан жүгүрүүнү тездетет.

4. Алакандарды бири-бирине сүргүлөңүз. Бул кан айланууну жакшыртат.

5. Эми акырын тура баштаңыз. Төшөктөн дароо көтөрүлүп кетпей, алгач бир аз отуруп, андан ары туруу керек. Ашканага кирип бөлмө температурасындагы суудан 1 стакан ичиңиз.

Суу ичкенден кийин жуунуп-таранып алып, тамактанууга өтүңүз. Эртең мененки суу ашказанды тамактанууга даярдайт. Эртең менен тамактын майлуусун жебеңиз. Пайдасыз азык менен эптеп ашказанды толтуруп койгон адамдын ашказаны оорлошуп, сиңбей түшкө чейин кыйналып, кайра уйкусурай баштайт.

Убакыт болуп калса бөлмөнү желдетип алып, стандарттык көнүгүү болсо да кыймыл-аракет жасап коюңуз.

Эми жылмайып алып ишиңизге жөнөңүз. Сизге ийгиликтүү күн!

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(2)
24.02.2020. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебей үйдө отургандарга да бирдеме чыгаргылачы,юпосле род кантип стресстен чыгуу керек экенин дагы.
25.02.2020. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саат ондон түнкү бирге чейинки уйку адамды эс алдырат экен. Кечинде анан эртең менен турганда дуаны окушту унутпаңыз баары жакшы болот Алла берсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо