ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ӨКМӨТТҮ “ЖЕТЕЛЕНМЕ” ДЕП СЫНДАДЫ

№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.

22-февралда “Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык конференциясы өттү. Жыйынга партия төрагасы Өмүрбек Текебаев, экс-премьер Темир Сариев өңдүү көрүнүктүү саясатчылар, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан жана партиянын мүчөлөрү катышты. Партия лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн үстүндө сот иши турганын, ага карабай “ата мекенчилер” чындыкты айтуудан тайбашы керектигин белгиледи. Ал азыркы өкмөттү “жетеленме” деп кескин сынга алды.

“Өкмөт демилгени жоготту, демилге көчөнүн колуна өттү. Мисалы, уран өндүрүү боюнча. Эл көтөрүлдү эле, өкмөт түштөн кийин эсине келип, бул идеядан баш тартты. Ат-Башыдагы логистикалык борборду токтотууну өкмөт эмес, көчө, эл чечти. Бул эмнени билдирет? Өкмөттүн башчысы лидер, жол башчы болушу керек. Башкаларга караганда 2-3 жыл алдыны көрө билип, ошого жараша план түзүшү керек. Жетишерлик авторитети болушу зарыл, популярдуу эмес чечимдерди эл нааразы болсо да авторитетинин күчү менен алып өтүп кете алгыдай болушу керек. Эгер авторитети болбосо, эл чуулдаса эле артка кайта берет. Мындай болсо бир дагы ири долбоор ишке ашпайт.Учурда өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды. Бул эң жаман баа, мамлекетте башкаруу жок. Бул коркунучтун жеткен чеги”,- деди Текебаев.

“Ата Мекендин” лидери бул көрүнүштү токтотуунун бир жолу – быйылкы парламенттик шайлоону таза өткөрүү, татыктуу адамдарды Жогорку Кеңешке жана өкмөткө алып келүү экенин билдирди. Сөзүнүн аягында шайлоочуларга кайрылды: “Урматтуу шайлоочу, өлкөнүн тагдыры сенин колуңда турат. Шайлоо күнүндөгү чечимиң өлкөнүн 5 жылдык тагдырын аныктайт. Биз өзүбүздүн ушул күчүбүздү, статусубузду сезели”,- дейт Текебаев. Ал шайлоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо