«СУПЕР-ИНФОДО» БИЙЛИК АЛМАШТЫ

№409 3-9-сентябрь, 2010-ж.

Мезгил үнү

Өлкөдөгү өзгөрүүлөр менен катар “Супер-Инфодо” да кадрдык алмашуулар болуп өттү. Кадырман окурмандарыбызга гезитибиздин негиздөөчүсү, “Компьютер Пресс” ЖЧКcынын президенти Кылычбек Султанов бир топ толгонуу, талдоолордон соң белгилүү бир партиянын катарына киргендигин кабарлаганбыз.

Бул чечимин жарыя кылуу менен катар ал “Супер-Инфо” кайсы бир партиянын кызыкчылыгын эмес, жалпы элдин мүдөөсүн көздөйт” деп убада берген. Бул сөзүнө таяп кызматтан убактылуу кетүүнү чечти. Эми анын ордуна президенттик кызматты гезитибиздин башкы редактору Шаиста Шатманова аркаламакчы. Ошентип, окурмандарды гезитибиздин жаңыланган жетекчилиги менен тааныштырууну чечтик.

Шаиста Шатманова
Туулган жылы – 16-октябрь, 1981-жыл.
Туулган жери – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району.
Жогорку билими – И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтун бүтүргөн.
“Супер-Инфонун” кабарчысы да, башкы редакторунун орун басары да, башкы редактору да болуп бардык баскычтарынан өткөн.
1999-жылы Бишкекти көздөй жалгыз жол алып, ошол боюнча борборду туруктап калган.
Учурда “Компьютер Пресс” ЖЧКсынын президенти.

Канымжан Усупбекова
Туулган жылы – 23-июнь, 1964-жыл.
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району.
Жогорку билими – ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн.
“Супер-Инфонун” “доктор Айболити”.
Учурда “Супер-Инфо” гезитинин баш редактору.

Айсулуу Мамбетова
Туулган жылы – 1-январь, 1983-жыл.
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары.
Жогорку билими – К.Тыныстанов атындагы КМУнун орус тили жана адабияты мугалими.
“Супер-Инфонун” “тартип сакчысы”.
Учурда “Компьютер Пресс” ЖЧКсынын вице-президенти.

Базарбек Абдураимов
Туулган жылы – 11-август, 1985-жыл.
Туулган жери – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району.
Жогорку билими – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин магистратурасын бүтүргөн.
“Супер-Инфонун” эркеги, ой, эркеси.
2003-жылы Кочкор-Атадан Бишкекти багынтуу максатында келген бойдон борбордо жашайт.
Учурда “Супер-Инфо” гезитинин башкы редакторунун орун басары.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
03.09.2010. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо...Шаиста карындашты жаны кызматы менен куттуктап койойун!женил эмес ишинде ийгиликтерди каалайм!Суперди дагы супер кылып коколото бергиле!!
05.09.2010. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаиста эжеке куттуктайм! Ишинизге ийгилик каалайм! Жаны жаны жетишкендиктерди жарата бериниз!
05.09.2010. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы орунуңар майлуу-сүттүү болсун! Ал эми Кылычбекке ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо