БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ТОЙКАНАЛАР ЖАБЫЛДЫ...

№907 19-25-март, 2020-ж.

  • Муфтият: Коронавирус коркунучунан улам жума намазды чогулуп окуу убактылуу токтотулсун.
  • 18-марттан тарта Ош шаарына жылуулук берүү токтотулду.
  • Өлкөдө тойканалар убактылуу жабылды, талапка баш ийбегендер жоопкерчиликке тартылышат.
  • Кылмышка шектелип жаткан генерал Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу үй камагына чыгарылды.
  • Жогорку Кеңештин депутаттары 23-марттан тарта шайлоочулар менен жолугушууга кетишет.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Жалал-Абад облусунда бир апта ичинде 33 айдоочу мас абалында кармалды.
  • Экс-депутат Анарбек Калматов президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.
  • Өкмөт доллардын сомго карата курсу азыркы көрсөткүчтөн жогорулабай турганын билдирди. Учурда 1 доллар 72 сом 90 тыйынга бааланууда.
  • Бишкек шаарына жылуулук берүү 19-мартта токтотулат.
  • Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өлкөдө медициналык бет кап кошумча нарк салыгынан бошотулду.
  • Чет өлкөдө саякатта жүргөн 200гө жакын Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келе албай жатканы айтылды.
  • Кыргыздын медициналык окуу жайлары чет элдик абитуриенттерди кабыл алууну токтотту.
  • ЖЭБ сотундагы жарыш сөздө айыпталуучу Айбек Калиев күнөөсүз экенин айтып, соттон актоону суранды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо