ФРАНЦИЯДА ВРАЧТАР “КОРОНАВИРУСТУН АЛДЫН АЛГАН ЖОК” ДЕП ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ ЖАНА ЭКС-МИНИСТРДИ СОТКО БЕРИШТИ

№908 26-март - 1-апрель, 2020-ж.

Францияда 600дөй дарыгер биригип өлкөнүн премьер-министри Эдуар Филипп менен экс-саламаттыкты сактоо министри Аньес Бюзенди сотко беришти. Чиновниктерди “өлкөнү эпидемиядан сактап калууга алдын ала жетиштүү чара көрүшкөн жок” деп күнөөлөп жатышат.

“Февралдын аягында өкмөт “бет каптар жетиштүү болот” деп жар салып, эл буга ишенген. Марттын башында бет каптар жетишпей турганы билинген соң алар “бет кап керек деле эмес” деген шылтоону айта башташты. Иш жүзүндө бул өзүнүн жардам берүүгө жөндөмсүз экенин жана элди алдоо экенин моюнга алуу, анткени бизде алдын ала камдалган бет каптар болгон эмес”,- дейт дарыгерлер тобунун адвокаты. Дарыгерлер "өкмөт январда эле даярдык көрүп, коронавируска каршы жабдыктарды жетиштүү көлөмдө камдап коюшу керек болчу" деген пикирде. Ошондой эле экс-министрге “баарын билип туруп алдын ала чара көргөн эмес” деген күнөө тагылууда. Күнөөлөнүп жаткандар 30 миң евро айып пулга жыгылуусу же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кыргыз жерине да вирус өкмөттүн шалаакы мамилесинен улам киргени коомчулуктун кескин сынына кабылууда. Башында эле “чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервацияга алынып, вирус бар же жок экени аныкталгыча карантинде болсо, өлкөгө вирус жайылмак эмес. Көп адам чогулуучу зыяраттарды, саякаттарды токтотууну жеке сектордон талап кылса вирус тарамак эмес” деген пикир басымдуу. Өкмөт кичи ажылыктан келген жүздөгөн адамды тыкыр текшербей үйлөрүнө жөнөтүп жибергени үчүн бүгүн бүтүндөй өлкө коркунучта калды. Бул үчүн Кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилиги каралышы керекпи? “Ашууда ат алмаштырбайт” болуп азырынча чиновниктердин шалаакылыгына эмес, илдетти жайылтпоо аракетине көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Бирок жооп берчү күн да келет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо