ТАЛААДА КАЛГАН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕБИ?

№910 14-20-май 2020-жыл

Орусиядан Кыргызстанга жөнөп, Орус-Казак чек арасынан өтө албай калган жоон топ Кыргыз жарандары Оренбург аймагындагы балдар лагерине жайгаштырылды. Алар Казакстан чек арасын ачмайынча бери өтө алышпайт. Бул тууралуу 10-майда Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирди.

7-майда автобус менен Орусиядан чыккан мекендештер Казакстанга кире албай 2 күн талаада түнөп калышты. "Пандемиялык кырдаалда чек аралар жабык экенин билип туруп жолго чыккан өздөрү күнөөлүү" деп жоопкерчиликти аларга жүктөгөндөр бар. "Өлкө жарандарына кам көрбөй жатат" деп өкмөттү сындагандар да арбын. Элчилик “булар Москвадагы хостелдерде акысыз жашап жатышкан болчу. Чек арадан өтө албайсыңар деген эскертүүгө карабай жолго чыгып кетишкен” деп жоопкерчиликти элге шылтоодо.

Март айында Орусиядан келе жаткан Кыргыз жарандарын Казакстан чек арасынан өткөрбөй, жүздөгөн жарандар чек арага жакын Соль-Илецк шаарында калып кетишкен. 5-майда гана Казакстан түзүп берген бир жолку транзиттик коридордон ал жердеги 541 мекендешибиз өткөрүлүп, Кыргыз жерине келген соң обсервацияга алынды. Кыргыз өкмөтү “бул өткөрүүдөн кийин Орусиядагы башка Кыргыз жарандары Соль-Илецк шаарына келип албашы керек” деп эскерткен.

Соль-Илецктен алынып келинген 541 жарандын ичинен 10-майга карата 55 адамдан коронавирус табылды. Алардын арасында медиктердин айтканына баш ийбей, обсервациянын эрежелерин бузгандар, ал жерден качып кетүүгө аракет кылгандар да болгону айтылды.

Кыргыз бийлиги Орусиядагы мекендештерди өлкөгө келем дебей, учурда жашап жаткан жеринен чыкпай турууга чакырууда. Өз жерине келе алышпаса, бөтөн жерде жумушсуз калган жарандар кантип жан багышы керек деген суроого өкмөт баш ооруткусу келбей жаткан өңдүү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо