БИР БҮРКҮМ: ОКУУ ЖЫЛЫ 30-МАЙДА АЯКТАЙТ...

№910 14-20-май 2020-жыл

  • 11-майга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 970 миллион метр куб суу бар.
  • Парламент 2019-жылы 46 эл аралык макулдашууну ратификациялаганы айтылды.
  • Кыргыз өкмөтү Орусиядан жаратылыш газын арзандатууну суранды. Учурда эл газдын 1 метр кубуна 15 сом 59 тыйындан төлөйт.
  • Жыл башынан бери “жумушсуз” деп каттоодо турган 25 миңден ашык жаран иш менен камсыздалганын министр Улукбек Кочкоров билдирди.
  • Чет өлкөдөн мекенине кайтууну көздөгөн 8712 Кыргыз жараны бар экенин 12-майда ТИМ өкүлү билдирди.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: 2019-2020-окуу жылы 30-майда аяктайт.
  • Өкмөт: 2016-2019-жылдары өлкөнүн ички дүң продукциясы 20 пайызга өстү.
  • Ош шаарында коомдук транспортторду 21-майдан тарта ишке киргизүү пландалууда.
  • 14-17-май күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору экенин ӨКМ эскертти.
  • Өлкөдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу башталат.
  • Өлкөдө 25-марттан 10-майга чейин коменданттык сааттын талаптарын бузган
    5027 жаран кармалып, анын 1399уна айып салынса, 3628 адамга эскертүү берилди.
  • Тышкы карызды төлөөдө жеңилдик берүү боюнча Кыргыз өкмөтү Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
  • Бишкекте бет кап тагынбай жүргөндөргө 1000 сомдон 5000 сомго чейин айып салынары айтылды.
  • Өлкөдө эпидемия башталгандан бери кош бойлуу 14 келин коронавирус жуктуруп алган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо