ЖҮЗДӨГӨН ЖАРАН ОБСЕРВАЦИЯНЫН ШАРТЫН БУЗУП ҮЙЛӨРҮНӨ КЕТИШТИ. ЖООПКЕРЧИЛИК КИМДЕ?

№911 21-27-май 2020-жыл

Ушул жылдын 7-майында Орусиянын Соль-Илецк шаарынан алынып келинип, Бишкектин четинде обсервацияга алынган жарандар 18-майда “бунт” чыгарышты. Алар топтолуп алып “коронавирус жуктуруп алды деп ооруканага жаткырылган шериктерибиз үй карантинине чыгып жатышыптыр. Бизди да үйгө чыгаргыла” деп ызы-чуу салышты. ИИМ “ооругандар үй карантинге чыгып жатышат” деген маалыматты ушак деп атап, обсервациянын эрежесин бузгандарды милиция тартипке саларын билдирди.

Ошол эле күнү өкмөт коронавирус жуктуруп алган 43 адам менен тыгыз байланышта болгон 19 адамды обсервацияда калтырып, калганын жашаган жери боюнча үй карантинине чыгарып жиберди. Республикалык штаб “экинчи жолку анализдин жыйынтыгы боюнча 541 жарандын 421инде коронавирус жок экени аныкталды” деп маалымат таратты. "Үй карантининде болгула" деп чыгарылган мынча жарандын ал шарттарды сактаары күмөн. Өкмөт бул процессти кантип көзөмөлгө алары түшүнүксүз бойдон калды.

Коомчулукта “2 апта чыдап койгондун ордуна үйлөрүнө шашып вирус таратууга коркунуч жаратууда” деп үйүнө чыгып кеткендерди сындагандар болууда. Ал эми өкмөт шалаакылыкка күнөөлөнүп жатат. Коронавирус абдан жайылган Орусиядан келген саналуу жарандын маселесин убагында чечип, обсервацияда жөндөп кармай албаган өкмөттүн алы бир жолку кыйкырыкка туруштук бербеди. Соль-Илецктен алынып келинип, шериктеринен массалык түрдө вирус табылып жаткан адамдарды эркин коё беришти. Элди бири-бирине жек көрсөттү, кооптуу кырдаалды күчөттү. Эгер үй карантинине чыгарылгандар башкаларга вирус жуктурса жоопкерчилик кимде болот? Көпчүлүк "эки тарапта тең болот, биринчи кезекте шарт түзүп, тартип орното албаган өкмөттө болот" деп жатышат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -7 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо