БАШКЫ ПРОКУРОР ПАРЛАМЕНТТЕ ОТЧЁТ БЕРҮҮДӨ

№911 21-27-май 2020-жыл

Парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун угууда. 18-майда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети башкы прокурорду угуп, 1 жылдык ишин талкууга алышты.

Жамшитов 2019-жылы салык декларациясын туура эмес толтурганы үчүн 2225 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тартиптик жазага тартылганын айтты. Быйыл январда Башкы прокуратура декларация тапшырууга жооптуу кызматкерлерге киреше-чыгашасы тууралуу документ тапшырууда туура маалымат берүүнү эскерткен эле. Жамшитов ошондой эле коррупцияга шектелип чет өлкөгө качып кеткен бир да чиновник өлкөгө алынып келинбегенин билдирди. Аскарбек Шадиевге издөө жарыяланган. Ал сыртынан эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынган. Мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иштери сотто каралууда”,- деди башкы прокурор.

Депутаттар Жамшитовго негизинен “жакшы иштеп жатасыз” деп мактоо айтышууда. Отчётун 2 комитет бир добуштан колдоду. 21-майда отчёт Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо