АТАМБАЕВ ТҮПТӨГӨН КСДП ЧАЧЫРАДЫ

№912 28-май 3-июнь 2020-жыл

26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өттү. Маалыматка таянсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Ирина Карамушкина, жарандык активист Адил Турдукулов аталган партиядан чыкты. Турдукуловдун айтымында, жыйында учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу окулду. Мурдагы президент азыркыдай оор учурда партия биримдикте болсо болмок деген оюн айткан.

КСДПнын ичинде ырк кеткени буга чейин эле коомчулукта талкуулана баштаган. Өткөн аптада Ирина Карамушкина “Кыргызстан социал-демократтары” деген жаңы партия түзүлүп каттоодон өткөнүн, бул партия Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз иш жүргүзөрүн айтып чыккан. Карамушкина аты аталган үчөө Атамбаевди колдобой калды деп билдирген. Жаңы түзүлгөн партияда Атамбаевдин активдүү тарапташы Темирлан Султанбеков, экс-президенттин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев да бар. Турдукулов, Жолдубаева жана Кодуранова коомчулукка КСДПнын көрүнүктүү мүчөлөрү, Атамбаевдин активдүү тарапташтары катары белгилүү эле.

2019-жылы Юстиция министрлиги “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын түзгөн Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн. Атамбаевди жактаган КСДПчыларды убактылуу Асел Кодуранова жетектеп калган. Белгилүү болгондой, Атамбаевдин тарапташтарынын бир бөлүгү аталышы дээрлик окшош “Кыргызстан социал-демократтары” деген партияга бөлүнүп чыгышты. 2010-жылдан 2018-жылга чейин бардык шайлоолордун фаворити болуп, бийлик башында турган күчтүү КСДП ошентип үчкө бөлүндү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо