БИР БҮРКҮМ. ПРЕМЬЕР ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ ЧЫКТЫ...

№912 28-май 3-июнь 2020-жыл

  • Бишкекте сейил бактар 2 айлык карантинден кийин кайра ачылды.
  • Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты.
  • Патрулдук милиция: “Бишкекте 1 аптада 4410 жол эрежесин бузуу фактысы катталды”.
  • Бишкек-Ош жолундагы Көк-Бел ашуусунан 25-майда жеңил унаа ылдый кулап, 4 адам каза тапты.
  • 8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында ок тийген жоокерлердин бирине Москвадан операция жасатуу пландалууда.
  • Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөрүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
  • Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев кызматтан кетти.
  • Парламенттин тийиштүү комитети өлкө бюджетин колдоого Азия өнүктүрүү банкынан 25 миллион доллар кредит, 25 миллион доллар грант алуу макулдашуусун жактырды.
  • 26-майда чартердик каттам менен Москвадан Бишкекке 393 Кыргыз жараны учуп келди.
  • Башкы прокуратурада ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча атайын бөлүм түзүлдү.
  • Улуттук банк: “Үстүбүздөгү жылдын 3 айында мигранттардын акча которуусу 19 пайызга азайды”.
  • Ошто уюшкан кылмыштуу топтун “Казак” аттуу өкүлү “зордуктоо” беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылды.
  • 26-май күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын белгисиз бирөөлөр атып кетишти.
  • Ысык-Көлдө үй карантини шартын бузган 3 адам обсервацияга алынды.
  • Сокулук районундагы Восточное көлүнө 20 жаштагы жигит чөгүп кетип, каза болду.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо