БИР БҮРКҮМ: БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ БЕРҮҮ ТОКТОТУЛДУ...

№913 4-10-июнь, 2020-ж.

  • Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирустан жабыркагандарды жаткыруу үчүн жакында ачылары айтылды.
  • Укук коргоочу Камил Рузиев жасалма документтерди жасоого айыпталып кармалып, 2 айга үй камагына алынды.
  • Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда бир айга токтотулду, себеп – оңдоп-түзөө иштери.
  • Алайда балык уулоого барган адам токко урунуп каза болду, анын кайырмагы электр чубалгысына тийип ток урган.
  • Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык палатанын судьялыгына Жамил Шаршеналиевдин талапкерлигин колдоду.
  • Башкы прокуратура: 2019-жылдын башынан 2020-жылдын 1-апрелине чейин сотко балдардын укугун коргоо боюнча 98 доо арыз түшкөн.
  • 3-июнга карата өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 20га жетти.
  • Орусияда курулушта иштеген 2 кыргыз жараны 25-майда имараттан кулап кетип, бири каза болду.
  • Билим берүү жана илим министрлиги: “Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат акысыз берилет”.
  • УКМКнын төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотолду.
  • Чиновниктерди коррупцияга айыптап чыккан “Чоң казат” кыймылынын лидерлери ИИМге суракка чакырылды.
  • Өлкөбүздөгү ооруканаларда өпкөнү жасалма жол менен дем алдыруучу 649 аппарат бар экени айтылды.
  • Өлкөнүн энергетика тармагына алынган кредиттер боюнча карызы 110 миллиард сомго жеткенин “Улуттук энергетикалык холдингдин” башчысы Айтмамат Назаров билдирди.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо