КАНТТАГЫ АСКЕРДИК БАЗАНЫН УЧУУ ТИЛКЕСИ ОРУСИЯГА ӨТӨБҮ?

№913 4-10-июнь, 2020-ж.

Канттагы Орусиянын аскердик базасы боюнча Кыргыз-Орусия ортосундагы келишим өзгөртүлгөнү жатат. Тийиштүү протокол Жогорку Кеңеште 4-июнда каралат.

Документтин негиздемесине таянсак, өзгөртүү киргизүү менен базанын аймагы 58 гектарга кеңейтилип, жылдык ижара акысы 4,5 миллион доллардан 4,7 миллион долларга өсөт. Базага Орусиянын учкучсуз учуучу аппараттарын жайгаштыруу да каралууда.

Келишимдеги базанын учуп-конуу тилкесин жаңылоо тууралуу жаңы пункт Кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Анда учуучу тилке Орусиянын эсебинен жаңыланса, анда менчик укугу Орусия тарапка өтөрү жазылган.

“Орусия тарап өз эсебинен “Кант” аэродромунун учуучу тилкесинин жасалма төшөлмөсүн реконструкциялаган учурда бөлүнгүс жакшыртуунун менчик укугу Орусияга таандык болот. Ушул макулдашуу токтотулгандан кийин көрсөтүлгөн тилке Кыргыз тарапка берилет”,- деп жазылат келишимде. Кыргыз өкмөтү эгер менчик укугу берилбесе, Орусия тарап тилкени жаңылоого акча бөлбөй турганын билдирди.

Жарандык коом келишимдин бул пункту өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирет деп дүрбөлөң түшүүдө. “Базаны оңдотуу үчүн өлкөнүн аймагын башка өлкөнүн менчигине өткөрүп берүү – чыккынчылык” деген пикир басымдуу. “Келишим мөөнөтү бүткөндө тилке кайра Кыргызга өтөт” деген жүйө көпчүлүктү ынандырган жок. Көпчүлүк Украина Крымдан кантип айрылып калганын эсте сактоону эскертишүүдө.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо