ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЖАҢЫЛОО ЧЫРЫ: САПАР ИСАКОВ 18 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

№914 11-17-июнь 2020-ж

Мурдагы премьер Сапар Исаков Мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинде күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле мамлекетке 247 миллион 650 миң сом төлөө милдети жүктөлдү. Мындай чечимди 9-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Экс-премьер “коррупция” беренеси менен айыпталган. Ал эми кылмыш ишинин башка фигуранты, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага
260 миң сом айып төлөтүү чечими чыкты.

Айта кетсек, Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоодо мамлекетке 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оңдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгенин билдирген.

Сапар Исаков буга чейин Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо