Камчыбек Ташиев: “РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ ЧЫНДЫКТЫ АЙТКАНЫ ҮЧҮН КАМАКТА ОТУРАТ”

№915 18-24-июнь, 2020-ж.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кошомат кылбай, чындыкты айтканы үчүн камакта отурат. Бул тууралуу экс-депутат Камчыбек Ташиев 12-июнда телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.

Равшандын бир чоң катасы – тайманбастыгы. Тайманбастыгы, чындыкты айтканы үчүн, адамдарды меники-сеники деп бөлбөгөнү үчүн бүгүн камакта отурат. Эгер хамелеон саясатчыларга окшоп бийлик алмашса экинчи бийликке, экинчиси алмашса үчүнчү бийликке өтө качып, алардын этегине жармашып күн көрсө жүрө бермек. Балким, бир чоң кызматта иштемек. Чындыкты айтам деп бүгүн жабыр тартып жатат”,- дейт Ташиев.

Равшан Жээнбеков өзү да ушундай пикирде. Ал саясий принцибинен тайбаганы үчүн камакта отурганын айтып келе жатат.

Буга чейин белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер да Равшан Жээнбеков камакта негизсиз отурганын айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аталган саясатчыны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо