ПРЕЗИДЕНТТИ МОСКВАГА КОШТОП БАРГАНДАРДАН КОРОНАВИРУС ТАБЫЛЫП, ӨЛКӨ БАШЧЫ ПАРАДГА КАТЫШПАЙ КАЛДЫ

№916 25-июнь-1-июль, 2020-ж.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жанында жүргөн кызматкерлерден коронавирус табылып, мындан улам өлкө башчынын Москвадагы иш-чарасы үзгүлтүккө учурады.

Президент 23-июнда Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата Кремлде өтүүчү аскердик парадга катышуу үчүн Орусияга барган. 24-июнда парад көрүүгө келген президенттердин арасынан Кыргыз президенти көрүнгөн жок. Бул көпчүлүккө дароо байкалып, Жээнбековго эмне болду?” деген суроо берилип жатты. Президенттик аппарат билдирүү жасап, президент Жээнбековдун парадга катышпай калганына жанындагылардан коронавирус табылганы себеп экенин жарыялады.

Маалыматка таянсак, президентти Москвага коштоп барган делегациядан Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир күзөт кызматкеринен коронавирус табылган. Коомчулукта "делегация Москвага баратып анализ тапшырган болсо, демек, Кыргыз өлкөсү колдонуп жаткан тесттердин сапаты начарбы?" деп суроо салгандар болууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо