Сооронбай Жээнбеков: “ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ ЭЧ КИМГЕ КАРЫЗЫМ ЖОК”

№917 2-8-июль 2020-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламенттин кезексиз жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. Анда өлкө башчы келерки парламенттик шайлоого басым жасады.

“Мен шайлоону таза өткөрүү жана партияларга бирдей шарт түзүүнү учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Эл арасынан “тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр” деген сөздөрдү угуп жатам. Мен кайсы бир партияга эмес, элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн. Бирок президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси менен болбосун өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чогуу иштешкенге даярмын”,- деди Жээнбеков.

Өлкө башчы шайлоону таза өткөрүүгө, партиялардын жоопкерчилигин күчөтүүгө керектүү мыйзамдар кабыл алынганын белгилеп өттү.

Буга чейин "эпидемиялык кырдаалдан улам шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн" деген сөздөр айтылып жаткан. Президенттин сөзүнөн кийин шайлоо өз убагында өтөрү белгилүү болду. Сооронбай Жээнбеков саясий партияларды шайлоо алдында элге реалдуу убадаларды берүүгө, элди бөлүп-жарбоого чакырды.

Парламенттик шайлоонун күнү 1 аптанын ичинде белгилүү болору күтүлүүдө.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо