ӨЛКӨДӨ КОРОНАВИРУС ТЕЗДИК МЕНЕН ЖАЙЫЛУУДА

№917 2-8-июль 2020-жыл

Кыргыз жеринде коронавирус тездик менен жайылып жатат. 1-июлга карата 1 суткада 439 адамдан аталган вирус табылды. Муну менен вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5735 адамды түздү. 1-июлга карата оорудан каза болгондор – 62 адам. Айыгып чыкты деп айтылгандар 2443 киши.

Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 879га жетип, мунун 446сы айыгып чыкты деп айтылды.

29-июнда президент Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул мыйзам өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде иштеген дарыгерлерге кошумча акыларды, компенсацияларды төлөп берүүнү жана башка жеңилдиктерди карайт. Кошумча акылар кимдерге, кандай шартта төлөнөрүн өкмөттүк комиссия аныктайт.

Өкмөт ооруканаларда орун жетишпей жатканын айтып, аталган вирустун жеңил формасынан жабыркап жаткандарды үйдөн дарыланууга чакырууда. Пневмониянын белгилери бар бейтаптар үчүн ооруканада даярдалган кошумча орундардын көбү 1 суткада эле толуп калганын 1-июлда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Аталган вирустун жайылышы өлкөнүн медицина тармагы кандай абалда экенин ачык көрсөттү. Президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт баштаган өлкө жетекчилиги бул абалдан сабак алып, медицина тармагын жакшырта алабы?

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо