БИР БҮРКҮМ. ТҮНКҮ СТАЦИОНАРЛАР АЧЫЛАТ...

№919 16-22-июль 2020-жыл

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коронавирус жуктуруп алганын, учурда ооруп жатканын билдирди.
  • Кубатбек Боронов: “3 айдын ичинде медицина кызматкерлерине кошумча акы катары 488 миллион 300 миң сом төлөнүп берилди”.
  • 13-июлда жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-туру болуп өттү.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп Нурлан Абдрахманов дайындалды.
  • Эринес Оторбаев Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду.
  • Чүй облусунда коронавирус жуктуруп алгандарды үймө-үй кыдырып аныктоо акциясы башталары айтылды.
  • 14-июлга карата саламаттыкты сактоо тармагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 220 аппаратка муктаж.
  • Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында дүйнө салды.
  • Жакынкы күндөрү Бишкектин бардык райондорунда бейтаптарга жардам көрсөтүүчү түнкү стационарларды ачуу пландалууда.
  • Быйыл ЖОЖдорго бюджеттик орундарга абитуриент кабыл алуудагы босоголук балл 110 бойдон калтырылды.
  • Учурда чет өлкөдө жүргөн, паспортунун мөөнөтү бүткөн Кыргыз жарандарынын паспортторунун жарактуулугу узартылды.
  • Быйыл март айынан июлдун ортосуна чейин Орусиядан 16 581 Кыргыз жараны мекенине кайтып келгени айтылды.
  • Өкмөт: “3-июлга карата өлкөдөгү дыйкан-фермерлер 3 миллиард 765 миллион сом суммасында жеңилдетилген кредит алышты”.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо