№920 23-29-июль, 2020-ж
21-июлда Орусиядан Бишкекке 20 аскердик дарыгер келди. Аларды алып келген учак Орусиянын Канттагы аскердик базасына конду. Бул дарыгерлер тобу Кыргыз-Орусия президенттеринин телефондон кезектеги сүйлөшүүсүндө макулдашылып жөнөтүлгөнү айтылды. Дарыгерлер менен кошо өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору жана башка жабдыктар, коронавируска каршы дары-дармектер алынып келингенин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди. Бул дарыгерлер коронавируска каршы күрөштө аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө кеп-кеңеш жана медициналык жардам бермекчи. Төрт бригада Бишкекте иштесе, эки бригада Ошко жөнөтүлөрү айтылды.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |