АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ КОШ СТАНДАРТТУУЛУККА КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ

№920 23-29-июль, 2020-ж

Укук коргоочулар 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун абалы менен таанышып чыккан Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү чыгарган чечимге нааразы.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун өкүлдөрү Аскаровдун абалы начар. Ал тамак ичүүдөн да баш тартууда, бирок анын бул абалы Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн корутундусунда жазылган эмес” дешүүдө.

Жакында Аскаровдун адвокаты кардарында пневмониянын симптомдору байкалып жатканын айтып чыккан. Акыйкатчы институтунун эксперттери ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №19 абакка барып, сүйлөшүп чыгышкан. Эксперттер Аскаров абакта дарыланып жатканын, ал №47 абакта дарылануудан баш тартканын билдиришкен.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы кандуу Июнь окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо