УЙКУЧУ МИН ЮНГИ

№921 30-июль - 5-август, 2020-ж.

Миллиондогон күйөрмандардын аудиториясын багынткан түштүк кореялык «BTS» тобу. Сахнада ырдап, бийлеп көпчүлүккө музыкалык ырахат тартуулаган жигиттер жашоодо кандай кыйынчылыктарды көрүп жатышат, үй-бүлөсү менен мамилеси кандай, жан дүйнөсү тынчпы, бактылуубу? Дал ушул суроолордун жообун атактуу топтун мүчөсү, рэпер Мин Юнгинин жашоосунан издеп көрдүк.

Аты-жөнү: Мин Юнги

Псевдоними: Шуга, Agust D

Туулган жылы: 1993-жыл, 9-март

Туулган жери: Түштүк Корея, Тэгу шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

Бою: 176 сантиметр

Жылдыз белгиси: Балык

«BTS» тобунун рэпери, музыкант, продюсер

Лейбл: Big Hit Entertainment

КАТУУ ТАРТИПТЕ ЧОҢОЙГОН

Юнги Түштүк Кореядагы ири шаарлардын бири Тэгуда жарык дүйнөгө келген. Балалыгындагы бир катар кыйынчылыктар аны күчтүү, чыдамкай болууга үйрөткөн. «Окуучу курагымда 3 мектеп алмаштырдым. Улам жаңы мектеп, бейтааныш окуучулар, жаңы мугалимдерге көнүп кетиш үчүн убакыт керек болду. Өспүрүм бала үчүн оор эле болот экен»,- дейт ал. Атасы олуттуу, тарбияны бекем кармаган киши. «Атамдын катуу тарбиясын мен мектепте да колдондум. Классташтарым тартип бузса мугалимге айтып койчумун. Мунун айынан алар менен урушкан учурлар болду». Юнги атасынан көп нерсени үйрөнгөн. Учурда деле сантехник, электриктин жумуштарын өзү эле жасап коёт.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ КОЛДОГОН ЭМЕС

Юнгинин үй-бүлөсү бай адамдар эмес эле, андыктан ашыкча акча коротуу деген болчу эмес. Андыктан Юнги кичинесинен эле ар кайсы жумушта иштеп акча тапканга көнгөн. Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу 12 жашынан башталган өспүрүм 13 жашында алына жараша ыр жазып, музыка чыгара баштаган. Ошол чыгарган ырына аранжировка жасоо анын кыялы эле.

17 жашында үн жаздыруучу студияга жумушка орношуп, кыялын ишке ашырууга өткөн. Ушул студиядан профессионалдык деңгээлде кантип аранжировка жасалары, сапаттуу үн жаздыруу кандай болорун үйрөнгөн. Рэпер катары эң алгачкы ырын да ушул студиядан жаздырган. Музыкага болгон кызыгуусу күчөгөн жигит келечегин чыгармачылыкка арноону чечет. Бирок анын каалоосуна үй-бүлөсү каршы чыккан. Баары бир чыгармачылык менен алектенем деген Мин Юнгинин көк беттиги жеңип, учурда үй-бүлөсү негизги колдоочулары.

КЫЙЫНЧЫЛЫК МЕНЕН КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК

Юнги көп убакыт депрессияда жүргөн. Бир четинен чыгармачылыгын ата-энеси колдобой койгону болсо, экинчи тараптан өзү күткөндөй ийгиликке жете албай койгон. Студияда иштеп тапкан акчасы жол кире менен тамагына эле жетчү. «Жазган ырларымды сатчумун, болбогон эле акчага алышат. Студиянын жанында эки ашкана бар эле. Бирине кирип тамак ичсем 2000 вон кетет. Экинчисине кирсем 1000 вон төлөйм. 2000дик ашканадан тамак ичкен күндөрү автобуска жол киреге акча калбай, үйгө 2 саат жөө басып барчумун»,- дейт ал.

Алгач Gloss псевдоними менен рэпер катары чыккан, андан кийин «D-Town» аттуу хип-хоп тобунун курамына кошулган Юнги дагы деле элге алына алган эмес. Бирок ал ар кайсы музыкалык сынактарга катышууну уланта берген. Акыры ошондой сынактардын биринде 2-орунга татып, анын талантын байкаган «Big Hit» агенттиги аны кабыл алып, «BTS’тин» курамына кошулган. Азыр ал кыялындагыдай Кореяга эле белгилүү ырчы болбостон, дүйнө жүзүнө тааныла алды.

ШУГА+AGUST D

Топтун ар бир ийгилигине өз салымын кошуп келе жаткан Юнги 2016-жылы 10 ырдан турган микстейп чыгарды. Бул анын жеке ырчы катары карьерасынын башталышы эле. Топто Шуга аты менен белгилүү рэпер жеке ырчы катары Agust D псевдоними менен чыккан. Ал альбомунда көбүнчө социалдык темаларга, башкача айтканда, социофобия, депрессия, өспүрүмдөргө кайсы учурда кысым болот деген сыяктуу маселелерге кайрылган. «Big Hit» менин жеке альбомума чоң колдоо көрсөттү. Анан да мага ыр чыгаруудагы темаларга эркиндик беришти. Оюмда эмне болсо, эмнеге кыжалат болуп жатсам ошонун баарын ырга коштум. Эркиндик үчүн рахмат»,- дейт ал.

AGUST D’ден ЭКИНЧИ АЛЬБОМ

Ушул жылдын май айында Agust D’нин экинчи альбому – «D-2» чыгып, башкы «Daechwita» ырына клип да тартылды. 10 ырдан турган альбомдон Agust D менен чогуу RM, NiiHWA, King Jong Wan сындуу белгилүү ырчы, рэперлердин үндөрүн уга аласыз. «Негизи планымда мындан көп артисттер менен иштешмекмин. Бирок айрым себептерге байланыштуу ишке ашпай калды»,- дейт музыкант. Альбомдо рэпер мурдагыга караганда өзүн кандай сезип жатат, дүйнө таанымы кандай болуп өзгөргөнүн чагылдырганын айтат.

«Көпчүлүк ырларыңыздын текстинен улам сизди «депрессияда жүрөт, кайгылуу, агрессивдүү ырларды көп ырдайт» дешет» деген журналисттин суроосуна: «Мен ырларым аркылуу ойлорумду бөлүшөм. Ал жалгыз мага тиешелүү деген нерсе эмес. Коомдогу маселелерди ыр менен суроо катары берем десем болот. Ал суроого бири «жок, мындай эмес деп, дагы бири «ооба, менде ушундай маселе бар» деп жооп бериши ыктымал»,- деп жооп берген. Шуга катары да, Agust D катары да күйөрман топтой алган Мин Юнгиге ийгилик каалайбыз.

Мин Юнги тууралуу кыскача...

  • G-Dragon, IIHoon сыяктуу атактуу ырчылар менен бирге «Мыкты композиторлордун» ТОП-5тигине кирген.
  • Уйкучу.
  • Сүрөткө түшкөндү жактырат.
  • Ашканада мыкты ашпозчу.
  • Жалгыз, тынч жерде уктаганды, жалгыз отуруп музыка жазганды жакшы көрөт.


Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(8)
03.08.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким бул
03.08.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардан гу жен пенуле таныйм
03.08.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми башталат да " корейлерди чыгарба,кимге керек?"деп. Улуу урматтуу окурмандар , бул гезит маалымат маанайшат жүзүндө чыгат. Значит ар тараптуу гезит. Эмнени кааласаң ошону табасың кыскасы. К-поп жаштар арасында популярдуу болуп жатканына байланыштуу, гезитчилер жумасына к-поп жөнүндө бир макала чыгарышат , рейтинг үчүн. Так что терең терең дем алып бул бөлүмгө кирбей эле өтүп кеткиле.
Тема боюнча: интервьюларда кыска жана нуска ,так , журналисттердин "глупый" сурооло
03.08.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikidiki, Журналисттердин "глупый" суроолоруна кыска жана нуска,так жооп берип койгону жагат.
03.08.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чыпалак баатыр мин эсе жакшы бул кыз сымал эмелерден,
03.08.2020. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бою кыска корунот экен 160 см 176 деп коюптур
03.08.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эркекби
04.08.2020. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларын угуп корсонор.Азыркы жаштардын проблемаларын чагылдырышат. Азамат жигиттер. Ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо