АЙРЫМ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУ САЛТТУУ ТҮРДӨ УЛАНАТ

№923 13-19 август, 2020-ж

Өлкөнүн эпидемиялык абал туруктуу аймактарында мектептер 1-сентябрда кадимкидей эшигин ачат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 11-августта маалымат жыйында билдирди. Жаңы окуу жылын уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин астында атайын эксперттик кеңеш түзүлүп, ал окуу процессин уюштуруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыккан. Ага ылайык, эпидемиялык кырдаал туруктуу, коопсуз аймактарда бардык мектептерде 1-11-класстарды окутуу салттуу түрдө улантылат. Ал эми кырдаал кооптуу аймактарда окутуу салттуу-дистанттык аралаш форматта жүргүзүлөт. Анда 1-5-9-11-класстар гана салттуу форматта окутулат. Окуучулар санына жараша топторго бөлүнүп, ийкемдүү жадыбалга ылайык окушат.

Мисалы, бир класста 40 окуучу болсо, аларды эки тайпага бөлүп, биринчи тайпа дүйшөмбү-шаршемби күндөрү, экинчи топ шейшемби-бейшемби күндөрү мектепке барып, калган күндөрү аралыктан окушат. Мектепке келген күндөрү жаңы темалар түшүндүрүлүп, дистанттык окууда үйдөн аткарууга тапшырмалар берилери айтылат маалыматта. Салттуу окутууда окуучулар санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого тийиш экендиги эскертилди.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо