ӨКМӨТ БАШЧЫ “ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫНА ИШЕНИЧ ЖОК, КӨМҮР КАМДАГЫЛА” ДЕДИ

№924 20-26-август, 2020-жыл

Өкмөт жетекчиси Кубатбек Боронов 14-августта кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Премьер быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аз экенин эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.

“Ар бир министрлик жана мекеме алдыдагы жылытуу мезгилинин даярдыгына жооптуу. Күтүлүп жаткан суунун деңгээлинин төмөндүгү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярдык иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создуктурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун”,- деди Боронов.

Каржы министрлигине таянсак, кышка даярдык көрүү ишин каржылоо план боюнча баратат. Быйыл бул багытка 2,9 миллиард сом каралганы, анын жарымы бүгүнкү күндө бөлүнүп берилгени айтылды. Эпидемиялык кырдаалда электр энергиясынын тартыштыгы жаралса ооруканаларда абал кандай болору көпчүлүктү тынчсыздантып жатат. Өкмөт жетекчиси светке ишенич жок экенин кыйытып, ооруканалар электр жарыгынын альтернативдүү булактары менен камсыздалышы керектигин айтты.

“Ооруканаларды көмүрдүн жана мазуттун тийиштүү запасы менен камсыздоо зарыл. Суук түшөрү менен калк арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт. Өлкө боюнча отун базаларын көбүрөөк ачуу зарыл”,- деди премьер.

Мындай билдирүү быйыл кышта электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет деген кепилдик жоктугунан кабар берет.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо