№927 10-16-сентябрь, 2020-ж.
Бишкектеги “Ак Кула” ат майданы мэриянын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу 7-сентябрда шаардык администрациядан билдиришти. Узакка созулган соттук териштирүү мэриянын пайдасына чечилди. Тагыраагы, жалпы аянты 57 гектарды түзгөн ат майдандын 54 гектары эми шаар бийлигинин карамагында болот. Калган 3 гектардай жер боюнча соттук иштер уланып жатканы айтылат маалыматта.
Мэрия жаңы “Ак Кула” ипподромун долбоорлоого тендер жарыялады. Эксперттер 1947-жылы курулган имараттын техникалык абалы заманбап стандарттарга туура келбейт жана адам өмүрү үчүн кооптуу дешет.
Эскерте кетсек, “Ак Кула” ат майданы убагында толугу менен жеке тараптарга сатылып кеткен. 2017-жылы Бишкек мэриясы ипподромдун жерин шаар бийлигине кайтаруу боюнча сотко кайрылып, бүгүнкү күнгө карата 54,1 гектары кайтарылды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |