КАРМАНАРЫ ЖОК КАРА ПИАР

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.

Шайлоо «шаңы»

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү өз өкүмүн жүргүзүүдө. Аламанга аттанган партиялардын ар кимиси “Алыбай алына жараша” дегендей, эл алдындагы өз дараметтерин сынашууда.

Адилеттүүлүк үчүн айта кет­кенибиз оң. Учурда жүрүп жат­кан үгүт иштери мурда боло кел­ген үгүттөрдөн асман менен жердей айырмаланууда. Мандатка белсенген бардык партияларга бирдей шарт түзүлүп, басым-кысым, куугунтуктоо сыяктуу терс көрүнүштөр боло элек. Муну эркиндикти эңсеген элибиздин жеңиши, кайратынан сынбаган, эч качан сатылбаган эл уулдарынын эмгеги катары бааласак болот. Өкүнүчтүүсү, ушундай шарттан, кыргыздын айкөлдүгүнөн пайдаланган кечээги бийликтин “кой терисин жамынган” өкүлдөрү сүттөн таза болуп чыга келишти. Шайлоо алдында бири-биринин беделине шек келтирбөөгө убадасын берген адамдар шертинен жанып, жыйырма жыл демократиялык баалуулуктар үчүн талбай күрөшкөн “Ата Мекендин” лидерин каралаганга өтүштү.

Алгачкысынан баштайлы. Каргашалуу Ош окуясы учурунда “Түштүктөгү кыргыз-өзбек кагылышынын негизги себепкери – “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев” деп сөз тараткандар “Лозунг”, “МК Кыргызстан” сыяктуу басылмаларына: “Текебаев быйыл күздө боло турган Президенттик шайлоого катышуу үчүн “өзбек электоратынын добушун алам” деп “Родина” партиясынын лидери Кадыржан Батыров менен жең ичинен сүйлөштү” деген далили жок жоромолдорду жазышты. Божомол менен жазылган бул имиштерди турмуш чындыгы жокко чыгарганына калайык журт өзү күбө болду. Дегенибиз, Ө.Текебаев “Манаста” айтылгандай, караңгыдан жол таап, өткөөл мезгилдин президентин шайлоону сунуштады. Сунуш колдоого алынып, Роза айым президент болуп бекиди. Өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, президенттик шайлоонун быйыл болбосун билген адам “Родина” партиясы менен соодалашышы мүмкүнбү?
Ушул жерден кошумчалай кетчү нерсе, Алайдан чыккан канышанын атын даңазалап жүргөн Жылдыз Жолдошева деген эжебиз бар. Кыргыздын кыраан кыздарынын бири. Эжекебиз түштүк коогалаңында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрүн элге көрсөтүп, “менин иним” деп буркурап ыйлап жиберет экен да, “ушуга Текебаев күнөөлүү” деп жүргөнүнө түшүнбөгөндөр көп болчу. Көрсө, саясатка кадам шилтеген Жылдыз эжебиздин кара пиар жасоо амалы окшобойбу. Аны шайлоо өнөктүгү башталганда билип жатабыз. “Ата-Журт” партиясынын алгачкы ондугунун ичинде Жолдошева эжеке катарга тизилиптир. Ал эми Жылдыз эжени жакындан билгендер муну түшүнүү менен гана кабыл алышыптыр.

Экинчиси, Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында: “Батыровду Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү эркелетип, алар Кадыржан койгон кээ бир кадрдык маселелерди чечип берип, көптүрүп ээликтирди” деген билдирүүсүн расмий жарыялаган. Ошондо кээ бирөөлөр “Бекназаров Текебаев тууралуу сөз козгоду” дешкен. Алар жаңылышыптыр. Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсүнүн астында Текебаев Бекназаровго: “Сен кимди айттың эле, ачыгын айт?” дегенде, ал: “Мен Отунбаева менен Атамбаевди айтканмын” деп түз жооп бергенин жакында эле эшиттик.
Азимбек Бекназаров дагы бир билдирүүсүндө: “Кадыржан Батыровду Убактылуу өкмөттүн таасирдүү мүчөсү машинасына салып, кыргыз-өзбек чек арасынан ары жылуу-жумшак узатып жиберди” дегени маалым. Муну да айрым адамдар Текебаев катары чечмелегенин билебиз. Жаңжал маалында “Пинара” мейманканасында Конституциялык кеңешменин иши кызуу жүрүп жаткан. Баш мыйзам күндүзү талкууланып, түн оогонго чейин өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, түштүккө баруу турсун, ойлонууга чоло тийбеген кез болчу. Ал кезде түштүк тарапта Бекназаров менен Исаков гана болгон. Түштүктөгү аскер, прокуратура, чек ара тармактары Исмаил Исаковго баш ийип, кимди кызматтан алып, кимди кызматка коюуну өзү чечип турган кез эле. Ал эми Бекназаровдун Батыровду чек арадан узаткан чиновниги ким экени али белгисиз. Ачык айтыла элек.

Үчүнчүсү, Убактылуу өк­мөт­түн кээ бир мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен жолугушканы тартылган видео тасма да бардыгы айтылып, ММКларда жазылып, жыйырма жылдан бери каралоого адат болгон «Ата Мекен» лидеринин аты мында дагы аталды. Ооба, чынында эле өзбек лидерлери, анын ичинде Кадыржан Батыров Роза Отунбаева жана анын 1-орун басары Алмазбек Атамбаевге жолугушканы факт. Бирок К.Батыров ошолор менен бир имаратта турган Текебаевдин кабинетине кирип, эски кесиптеш, жердеш катары салам айтканга жараган эмес. Анан кандайча Текебаев ага төрт ирет байланышкан болуп калат? Текебаев менен Батыров келишпестигин Жалал-Абаддагы “бакиевчилердин” тополоңунан кийин Батыровдун “Мезон ТВ” каналынан “Ата Мекенди” катыра сындап: “Президенттикке Атамбаев, премьер-министрликке Сариев жарайт” деген сөзүнөн да байкасак болот. Эскертип кетерибиз, Батыровдун Р.Отунбаева жана А.Атамбаев менен болгон жолугушуусун кылмыш же туура эмес деп айтууга болбойт. Алар өлкө жетекчилери болгондон кийин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тигил же бул топтун өкүлдөрү менен жолугушканга милдеттүү.
“Бригаданын” бир өкүлү Камчыбек Ташиев үлкөн сайттардын бирине берген маегинде: “Түштүк коогалаңына күнөөлүү делинип жаткан К.Батыров, И.Абдрасулов, Ж.Салахуддиновду Роза Отунбаева үч жолу, Алмаз Атамбаев үч жолу, Өмүрбек Текебаев төрт жолу кабыл алган” дептир. Негедир Камчы мырза шайлоо алдында каралоо ниетиндеби, Текебаевди өзгөчө белгилегенин баамдап тургандырсыздар. Ал эми Баш мыйзамды жазып, өлкөнү мыйзамдуу талаага салуу озуйпасын өзүнө алганын, өкмөттө каржылык, кадрдык маселелерге аралашпагандыгын неге эч ким капарына илгиси жок?!
Кара пиар убактылуу, бирок учурунда таасири күч. Таасиринин күчтүүлүгү ушунда. Кара пиардын эпкининен элдин башы айланып, эмне чындык, эмне жалган экенин айырмалай албай бушайман болот. Бул ыкма дүйнөлүк практикада пайдаланылары бышык. Бирок таза атаандаштыкка татый албагандар коомго тез таанылып, коомчулуктун көңүлүн бат ээлөө, башкысы, кыска убакытта көздөгөн максатына жетүү ниетинде пиардын дал ушул түрүн колдонушат. Кандай пиарды колдонот, ал ар бир саясатчынын ички деңгээлинен, моралдык дээринен...

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(48)
27.09.2010. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акты ак дебей, эмне биз акты кара деп жатабызбы? Ооба Текебаев коп нерсе кылган Кыргызстан учун, бирок жалгыз анын колунан эмне келмек эле?
27.09.2010. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тан калганым туугандар,оттко айдаса б..ко качканынар. Алдын тополонду ким уюштурду,шамал кайдан журду деп ойлонсонор,анан Кыргызстандан куноолуулорду издеп коргуло.....
27.09.2010. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев да ощол Убактылуу окмотто бар эле.БАщмыйзамды Кыргыз4а жаза алган кадр жок деген оозу мурду кыйшайбай.Озбек4есине уруксат берет.Президент сунуштаганга аргасыз элен.Озун эмес Отунбаеваны сунуштадын.Себеби,кокусунан келген президент кокусунан кетип калыщы да мум
28.09.2010. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.БатыровöТекебаевдин кабинетине кирип, эски кесиптеш, жердеш катары салам айтканга жараган эмес дейт.Демек байланыщы бар.А 4 жолу жолугущканын Супер-Инфо билбей калган экен агенттери уктап калып.
28.09.2010. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдин жакшы-жаман экенин эл тараза озу билет.Текебаевдин 15 жылдан берки былыктарын актабай эле койгула.Манастагыдай деп тим эле.Андан коро КЫРГЫЗСТАНДЫН БУТУНДУГУН ойлойлу.
28.09.2010. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bawkasinan kutsom da silerden kutpodum ele. Erteng Tekebaev president bolup kalsa silerge emne ubada kildi eken? ozungordu ozungor aldap jatasingar go.El aldanbay kaldi go...
28.09.2010. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротто Текебаев Азимбек менен суйлощуп буткон у4уру.Бекназаров бийликтен болущпосонор "баарынарды камап салам нах.." дегенден кийин Текебаев ойлонуп туруп калганын Супердин агенттери тартып алыптыр.
28.09.2010. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
imperator, сөгүнгөн сөздөрдү жазууга болбойт! Дагы кайталанса, бан!
28.09.2010. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылычбек мырза "бектер кетет эл калат" деп жогоруда эн туура айтылган... УО мучолорунун баарысынын Ош окуясына тиешеси бар! Сыйынызды кетирбениз озунуздун. Жийиркеничтуу корунот экен.
28.09.2010. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооууу, бул жак согуш болуп кеткен го? Текебаевинби, Атамбаевиңби, тем более, К.Батыровуңду урганым жок. Бирок адилеттүүлүк учүн бир нерсени айтып коеюн. Саясат, шайлоо тууралуу жазылган сын-пикирлерден илгертеден келе жаткан форумчуларды көрө албадым.
28.09.2010. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле жаңылар. Ошондуктан партиялардын эле мүчөлөрү отуруп алып бири-бири менен тытышып жатышабы деп ойлойт экенсиң.
28.09.2010. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да өйдөдө бирөө КЫРГЫЗСТАНДЫН БҮТҮНДҮГҮН ойлойлу деп жазыптыр. Бул Адахан мырза өзүбу же анын куйруктарыбы?
28.09.2010. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне башынарды оорутуп жатасынар? Саясат качан эле ишеничтен чыккан, эми болсо Супер аркылуу ак тоок болоюн дегендер пайда болгон го. Тилин менен эмес, ушунча жылдан бери жасаган иштеринер менен актансанарчы, биз козубуз менен коруп ишенели.
28.09.2010. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы айта кетчу нерсе, Батыровду куноологондор, эми эмне кереги бар. Алтын балыкты кармаганда пайдаланат, колдон чыгарганда эч пайдасы жок.
28.09.2010. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул комментарий жазгандар баарынар адамдык денгээлинер томон адамдар экенсинер.Адамды сындап жамандагандан башка колунардан иш келеби?Баардык жазганынардын далили жок.Кудайдан коркуп жазгылачы.
28.09.2010. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы саясатта таптаза адам бар деп уктунар беле тем более кыргыздарда...Текебаевге тарткандык эмес бирок ал 15 жылдан бери башка саясатчы соройлорго караганда кичине адам эле го...
29.09.2010. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"mоi lev" озуну Байсаловдон да откон алиги сезип алгансын го акылдуусунуп.Сага баары бир болсо,башкасынын ишине мурдуну тыкпа.
29.09.2010. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу "Кутуш".Эгер коммент жазгандарды акылы томондор деп ойлосон,анда сенин да акылын тайкы экен.Бул жер сындаш учун ачылган.Сен да комментчилерди сындаба.
29.09.2010. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meka! Сиз билесизби А.Атамбаев биринчи баштаган уй ортошту, ЖК алдында ар бир Бакиевдин и Бакиевчилердин уйуна барып орттоп жок кылабыз деген!Текебаев уй ортогон эмес Батыров прямо А.Атамбаевдин буйругу менен ортогон! А.Атамбаев Ошко, Баткенге барып САРТТАРГА силердин укугу
29.09.2010. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура О.текебаевдин иниси Асылбек айласы кеткенден акесине чалып К.Батыров менен байланыштырып жардам сураганда К.Батыров 4 кыргыз жигитти олтуруп 60 тан ашык адамдарды жарадар кылды, барып Кыргыздын желегин, Кыргыздын бооз уйун жана жаман болсо да биздин ажообуздун атасы
29.09.2010. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ого жанылык Москвада ЧП дан Омурбек Текебаевти порно роликтен корсотуп жатат уйат уйат эле!
29.09.2010. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жана бул кишини эл баары билишет! Боло турган шайлоодо мунун партиясын эч ким колдойбойт, мен буга ишенем!
29.09.2010. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадыржанды Убактылуу Окмот канатына калкалап, майда Кадыржанга каршы чыккандарды бакиевчиге айлантып, Кадыржандын интервьюсун кечке теледен корсотконун эл унуттубу, июнь окуясы да ошол себептуу келип чыкты, Убактылуу Окмот Батыровду колдоп сарттарды ээликтиргени учун.
29.09.2010. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Убактылуу Окмоттун бардык мучолору куноолуу Ош окуясына, анын ичинде Текебаев да,Атамбаев да, Отунбаева да.СДПКнын рекламасында биз согушту токтоттук дегенине кыжырын кайнайт анан. Убакыт келип баардык куноолулор жоопко тартылууга тийиш...
30.09.2010. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы роликтер боюнча. Ушул нерсени жасагандардын жоругун мен эн эле туура эмес корунуш деп эсептейм. Чынында бул нерсе заказ менен тартылган да.
30.09.2010. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын-чынына келгенде азыр Текебаевди ошол порноролик аркылуу согуп калууну коздоп жаткан ар бир "чондун" ошондой жоруктары болсо керек. Болгону аларды СНБ кубалап, барган жерине камера койдуруп, жашыруун тарттырбайт. .
30.09.2010. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болчу. Анткени Текебаев Бакиев бийлигине эн кучтуу оппонент эле. Анан да бир Кудай билет, ошол роликтеги адам Текебаев озубу же спецслужба жалдаган актербу? УКМКдан баарын кутсо болот.
30.09.2010. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо роликте Текебаев озу бир жаш кыз менен! ооба заказ мене тартылган болсо керек деп ойлойм,НО доказано что это он!!!
01.10.2010. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши эми точно эс алыш керек болуп калыптыр, себеби элди ишендириш эми кыйынга турат, ошондуктан кандай гана аракет кылса да болбойт! себеби туштук эли аябай жаман коруп калыптыр!!!!
23.11.2010. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyat, uyat kyrgyz ach karyshkyr politikteri. Ech toibodunar go siler.
El jurt korgulochu, voobshe bulardy Kyrgyzstandan kuup chygysh kerek.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо