Партиялар парады
БШКга тапшырылган “депутат болом” дегендердин тизмесинен “экс-президент” дегенди гана жолуктурбайсың, калган дээрлик бардык мамлекеттик кызмат өкүлдөрү бар. Биз айрымдарына токтолуп, “кайсы “бапкенин” үзүрүн көрүшкөн эле?” деген суроого жооп издедик.
“АТА МЕКЕН”
ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ
Акаев тушунда:
-
Туңгуч президент башкарган 15 жылдын ичинде Өмүрбек Чиркешович «Ата Мекен» партиясы менен бирге бийликке келишкис оппозицияда келген. Эл өкүлү катары ЖКда төраганын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, бирок карапайым калктын таламын талашып, өзү айтмакчы, көчөнү тандап, отставкага кеткен.
-
2000-жылы президенттик шайлоого катышып, анын расмий жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген.
Бакиев тушунда:
-
Март төңкөрүшүнөн кийин Өмүрбек Текебаев ЖКнын төрагасы болуп, бирок 2006-жылы февралда Курманбек Бакиевдин натуура иштерин элге ашкере кылып, «ит болду, уяты болсо, асынып алсын» деген атактуу фразасынан улам, жаңы саясий салтты баштап, отставкага кеткен.
-
2007-жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек мырза жетектеген партия, расмий маалыматтар боюнча, утулган. Бирок ал шайлоодо анык жеңүүчү «Ата Мекен» экени жалпы журтка дайын, азыркыга дейре ал шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, “Ата Мекен” “наглым образом” парламентке киргизилбей калгандыгы аңыз болуп айтылып келет.
СУЛТАН РАЕВ
Акаев тушунда:
-
Билим берүү министринин маданият тармагы боюнча орун басарлыгына чейин жеткен. Кыргыз адабиятында кризис болуп турганда бир гана ушул кишинин спектаклдери коюлуп, КМШ гана эмес, дүйнөлүк аренага чейин таанылган драматург (Англия ханышасынын мааракесине КМШ чөлкөмүнөн жалгыз ушул киши чакырылган).
Бакиев тушунда:
-
Маданият министрлигин аркалап турду. Бирок саясий билдирүүлөр менен чыгып же кандайдыр элге каршы саясатка катышканын көргөн жокпуз. Өжөрбү же беттегенин бербейби, бир сүрөтчүнүн айынан кол жууп жатканда да, кызматына тырмышкан эмес.
ЖООМАРТ ОТОРБАЕВ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:

КСДП
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ
Акаев тушунда:
-
Туңгуч президент башкарган мезгилде ишкердик менен алектенген Алмазбек Атамбаев 1995-жылы жана 2000-жылы ЖКнын депутаты болуп шайланган. Бирок экинчи жолкусунда сот аны мандатынан ажыратат. Акаевге ачык оппозицияда болгон.
-
2000-жылы президенттик шайлоого катышып, анын жыйынтыгы боюнча Акаев менен Текебаевден кийинки үчүнчү орунду ээлеген.
Бакиев тушунда:
-
2005-жылы сентябрда Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп, сегиз айдан кийин Бакиевди саясий реформаны токтоткону үчүн күнөөлөп, кызматтан кеткен. Ал кайрадан оппозициядагы санаалаштарына кошулган.
-
2007-жылы март айында кайрадан бийликке келип, өкмөт башчы болуп дайындалат. Эки ай өтпөй, “Ак үйдө ууланды” деген маалыматтар таркаган. Ушул эле жылдын ноябрь айында Бакиев Атамбаевдин отставкага кетип жатканын жарыялап, кетирер алдында Данакер ордени менен сыйлаган.
ИСМАИЛ ИСАКОВ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:
-
Март окуясынан кийин Коргоо министри болсо, 2008-жылдын майынан баштап Коопсуздук кеңешинин катчылыгын аркалаган.
-
2010-жылы январда “кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” делип, 8 жылга камалган. Андан сырткары, генерал-лейтенант деген чининен да ажыратылган. Бирок 7-апрелден кийин түрмөдөн бошотулуп, толугу менен акталып, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп кирген.
-
КСДПнын тизмесинин дээрлик 70 пайызы партиянын мурунку мүчөлөрүнөн турат. Алсак, ун, суу жана макарон чыгаруучу «Акун» ЖЧКсынын кожоюну Чыныбай Турсунбеков бар. Ал бир эле учурда Кыргызстандагы ишкерлердин биримдигинин президенти. Ошондой эле мурдагы «ак жолчу» Аскар Салымбековдун бир тууганы жана «Дордой» профсоюз ассоциациясынын төрагасы Мамытбай Салымбеков да жүрөт. ЖКнын акыркы чакырылышында КСДПнын курамында отурган экс-депутаттар Асилбек Жээнбеков, Дамира Ниязалиева, Галина Скрипкина да тизменин алдыңкы катарында.

“АР-НАМЫС”
ФЕЛИКС КУЛОВ
Акаев тушунда:
-
1990-1999-жылдар ичинде Феликс Кулов Ички иштер министри, КРнын вице-президенти, Чүй облусунун губернатору, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, Бишкек шаарынын мэри болуп турган.
-
2001-жылы ал “Улуттук коопсуздуктун министри болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп күнөөлөнүп, 7 жылга темир тор артына камалып, биринчи революциянын шарапаты менен акталган.
Бакиев тушунда:
-
Түрмөдөн чыгары менен парламент аны өлкөнүн Күч структураларынын координатору кылып дайындаган.
-
2005-жылы күзүндө Курманбек Бакиев менен шайлоонун алдында тандем түзгөн.
-
2005-2007-жылдар аралыгында өкмөт башчы.
-
Өкмөт башчылык кызматынан кол жуугандан кийин оппозицияга кеткен. Бирок көп өтпөй, Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлор дирекциясынын башчысы болуп дайындалган.
ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:
АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ
Акаев тушунда:
-
1995-жылы 1-вице-премьер-министрдин жардамчысы, кийин салык инспекциясында иштеген.
-
2000-жылы ЖКнын депутаты болуп шайланган.
Бакиев тушунда:
-
Бакиев башкарган беш жыл ичинде Каржы министрлигинде иштеп, кийин Экономикалык өнүктүрүү министри, 1-вице-премьер-министр болуп жүрүп, апрель окуясынан кийин ал кызматынан кол жууду. 7-апрель окуясынан бир күн мурун Таластагы митингди токтотом деп, өзү элдин барымтасында калып кеткен. Түрдүү ушактарга карабастан, Таластан аман-эсен чыгып кеткен.
“АТА ЖУРТ”
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:
-
Анын депутаттыгы Баш мыйзамга добуш берүү учурунда “позор” деп кыйкырганы менен эсте калган. ЖКнын бир жыйынында «мен Курманбек Салиевичти түздөн-түз колдойм» дегени да элдин эcинде. 2007-2009-жылдарда Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганында Ак үйдөгү жыйында экс-премьер-министр Данияр Үсөновго каяша айтып, өкмөт курамынан чыгып кете берген.
МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:
АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ
Акаев тушунда:
Бакиев тушунда:
-
2005-2007-жылдары ЖКнын депутаты, ортодо жумушсуз, кийин кайра Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган.
“Ата Журт” партиясы эки хандын учурунда чоң кызматты ээлегендерге бай. Акаевдин мезгилинде Эсептөө палатасынын төрагасы, Бажы инспекциясынын директору болуп турган Азамат Кангелдиев бар. “Ата Журт” Бишкекке Нариман Түлеевди алып келет” деп таң калтырып жаткан Бишкектин экс-мэри, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөновдун аялы, экс-депутат Динара Исаева алдыңкы саптарда. Бакиевдин учурунда каржы тармагын чапчыган министр Марат Султанов, транспорт жана коммуникация жагын тейлеген, 7-апрелден кийин ага карата кылмыш иши козголгон дагы бир мурунку министр Нурлан Сулайманов жүрөт.
Эльвира Караева
koom@super.kg
Акаев болуш бир паста. Москва.