ЭКС-ЭЛЧИ "КЫРГЫЗДЫН ЭГЕМЕНДИГИНЕ ШЕК КЕЛТИРДИ" ДЕП СЫНГА КАБЫЛДЫ

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуровдун орусиялык басылмалардын бирине берген маеги Кыргыз жеринде талкуу жаратты. Маекте экс-элчи "Кыргызстанда Орусиянын курамына кошулуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат" деп билдирген. Бул билдирүү Кыргыз жеринде катуу нааразычылык жараткандан кийин Аттокуров сөзүн түздөөгө аракет кылды. "Кыргызстанды Орусиянын курамына кошуу маселеси жеке адамдар тарабынан турмуш тиричиликтик деңгээлде талкууланып жатат. Айрым адамдар кайрылып калышат бул боюнча. Эмне үчүн мындай демилге козгоп жатканын алардын өздөрүнөн сураш керек" деди ЖМКларга комментарий берген Аттокуров. Көп өтпөй Орусиядагы Кыргыз элчилиги экс-элчинин бул билдирүүсү боюнча комментарий берди. Дипломатиялык мекеме Аттокуров Орусиянын жараны экенин белгилеп, талкуу жараткан сөз анын жеке пикири экенин маалымдады.

"Кыргызстан – көз карандысыз, эгемен мамлекет, эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу. Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багытта иш алып барып жатат",- деген элчилик кыргыз диаспоралык уюмдарынын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырды. Кыргыз коомчулугу Аттокуровду өлкө эгемендигине шек келтирди деп айыптап, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо