ЭКС-МИНИСТР КОСМОСБЕК ЧОЛПОНБАЕВ ШАЛААКЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тарабынан кармалды. Экс-чиновник шалаакылыкка жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Кылмыш иши ачылып, териштирүү башталганын аталган мекеме 15-сентябрда билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Бул мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды",- деп билдирди Финпол.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын апрелине чейин Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеп турган. Өлкөдө коронавирус эпидемиясы башталган маалда жооптуу жетекчилердин бири болчу. Коомчулук тарабынан “эпидемияга алдын ала даярданган эмес, ишине шалаакы мамиле жасаган” деп сындалып жүргөн.

Чолпонбаев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жолдубек Качкынбаев
Данияр Мискенбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо