БШК ҮГҮТ УЧУРУНДА ГИМН ЫРДООГО УРУКСАТ БЕРДИ

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга үгүт кампаниясы учурунда өлкөнүн жана партиянын гимнин ырдоого уруксат берди. Бул чечим БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынганы айтылды. Гимнди эстрада ырчылары эмес, депутаттыкка талапкерлер ырдоого тийиш. Бул концерт деп эсептелбейт. Учурдагы эрежеге ылайык, шайлоого талапкер партиялардын эл менен жолугушуусунда концерт уюштурууга тыюу салынган.

БШК ошондой эле быйылкы парламенттик шайлоону өткөрүүгө деп бекитилген каражатын көбөйттү. 2020-жылдын республикалык бюджетинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом каралса, БШК июлда өз сметасын 446 миллион 900 сом деп бекиткен эле. Соңку өзгөртүүгө ылайык, БШКга кошумча 729 миң 800 сом берилет.

Ал эми COVID-19 илдети боюнча республикалык штаб шайлоого карата атайын эреже иштеп чыкты. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик шайлоо тилкесин, тийиштүү жабдыктарды дезинфекциялоого, добуш берүүгө кирерде жарандын дене табын текшерүүгө жана башка санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөөгө тийиш.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партиядан 2 миңге жакын талапкер катышууда.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо