БИР БҮРКҮМ. САСЫК ТУМООГО КАРШЫ ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ...

№928 17-23-сентябрь, 2020-ж.

  • Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштамакчы болгон жигитти милиция кызматкери куткарып калды.
  • 20-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда авиакаттамдар жанданат.
  • Өкмөт: “Октябрдан тарта пенсиянын суммасы 397 сомго көбөйөт”.
  • Өлкөдө жугуштуу оорулар үчүн курулуп жаткан 12 оорукананын 7си бүттү, жакында колдонууга берилет.
  • 14-сентябрда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында жер көчкү жүрдү, жабыркагандар жок.
  • Өлкөдө аскер кызматына күзгү чакыруу башталды.
  • Чек ара маселелери боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн атайын комиссиясынын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу өттү.
  • БШК үгүт учурунда өлкөнүн жана партиялардын гимнин ырдоого уруксат берди.
  • 16-сентябрдан тарта өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө башталды.
  • Айбек Чодонов “Бишкексвет” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Өзгөндө аскердик бөлүктүн офицери кокустан өзүн мылтык менен бутка атып алды.
  • 16-сентябрга карата коронавирус илдетинен айыгып чыккандардын саны 41 миң 210 адамды түздү.
  • Парламенттик шайлоонун бюллетендерин “Учкун” басмаканасы даярдайт.
  • Чет элдик донорлордун эсебинен өлкөгө 100дөн ашык "тез жардам унаасы" алынып келинет.
  • 2020-жылдын 8 айында өлкөдө 402 миллион 77 миң даана жумуртка өндүрүлгөнү айтылды.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо