COVID-19: ӨЛКӨДӨ КАРАНТИНДИК ЧЕКТӨӨЛӨР КҮЧӨЙБҮ?

№930 1-7-октябрь, 2020-ж.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы чаралар кайрадан көңүл чордонуна чыгууда. 28-сентябрда Баткен облусунун аймагы боюнча кабыл алынган чечимдер кайра каралып чыкты. Аталган облустун тургундары коомдук транспортторду жана мал базарларды кадимки режимде иштетүүнү суранышкан. Облустук штаб сураныч орундатылганын, бирок бет кап тагынуу, той-аштарды өткөрбөө талаптары күчүндө калганын билдирди.

“Базарларда, соода борборлорунда, коомдук жайларда санитардык талаптардын сакталышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт”,- дешти республикалык штабдан.

Ош шаардык мэриясы да шаарда санитардык эрежелердин сакталышына талаптар катуулап, текшерүү күчөй турганын билдирди.

Өлкөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны кайра өсө баштаганы айтылып жатат. 29-сентябрга карата бир суткада өлкөдө 167 адамдан аталган оору аныкталды. Мунун 55и Баткен аймагында катталды. Өкмөт жалпы өлкө боюнча карантиндик чектөөлөрдүн катаалдашы же өзгөрүүсүз калышы жарандардын санитардык эрежелерди канчалык так сактаганынан көз каранды экенин билдирүүдө.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо