ОРУСИЯДА КӨПҮРӨ КУЛАП, 51 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ЖАБЫРКАДЫ

№930 1-7-октябрь, 2020-ж.

Орусияда жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, 51 Кыргыз жараны жабыркады. Окуя 27-сентябрда Москва облусунун Ступино районундагы "ФМ LOGISTIC" ишканасында болгон. Жабыркаган мекендештердин төртөөсү оор абалда ооруканага жеткирилген, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Кырсык маалында 160 Кыргыз жараны жумушта болгон. Жабыркагандардын айрымдары үйлөрүнө чыгарылып, 29у учурда ооруканада жатат. Аталган 160 кызматкердин ар бирине ишкана 50 миң рублдан компенсация төлөйт. Бул тууралуу ишкана жетекчилиги Орусиядагы Кыргыз элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирген. Мындан тышкары жабыркагандардын дарылануу чыгымын ишкана төлөп берет. Ошондой эле оор абалда ооруканада жаткан Кыргыз жарандарынын жакындары бара турган болушса компания аларга учакка билет алып берүүгө макул экени айтылат маалыматта.

Окуяга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренеси – эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү боюнча кылмыш иши козголгону айтылды. Алдын ала маалыматтарда көпүрө кырсыгына жүктүн нормадан ашып кетиши же тетиктердин эскириши себеп болушу мүмкүн деп айтылып жатат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо