20-ДЕКАБРДА КАЙРАДАН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТӨТ

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.

20-декабрда өлкөдө кайрадан парламенттик шайлоо өтөт. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда кабыл алды. Комиссия шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин эртерээк чечүү керектигин белгилейт.

Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар тобу шайлоо мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп жатышат. Алар: форма-2 менен добуш берүүнү жокко чыгаруу, шайлоодо партиялар койгон 5 миллион сомдук күрөөнүн суммасын 1 миллион сомго түшүрүү, 7 пайыздык босого чегин 3 пайызга чейин түшүрүү. Аталган сунуштарды буга чейин парламенттин тийиштүү комитети 1-окууда колдогон. 21-октябрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында аталган демилгени кызуу талкуудан соң көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Документ дагы комитеттерден жана жалпы палатадан 2 окуудан өтүшү керек.

Соңку парламенттик шайлоодо форма-2 аркылуу өлкөдө 400 миңден ашык жаран добуш берүү үчүн каттоого турганы айтылган.

Айта кетсек, быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына көпчүлүк нааразы болуп, БШК шайлоо жыйынтыгын 6-октябрь күнү жокко чыгарган.

Жумабай Акимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо